Menu

Кубанычбек Мийнекеев, “Атикер” компаниясынын директору: “Автоунааларга газ орнотуу учурдун талабы болууда”

Бөлүшүү:

Коомдук жайларда эки адамдын башы бириккен жерде эле азыркы экологиялык абалыбызга кабатырлангандар. Азыркы күндө борбор калаабызда күнүнө 500 миңдей автоунаа жүрөт. Автоунаалар эң башкы абаны булгоочулар болуп саналат. Алардын саны жыл санап өсүүдө. Башка уулуу затты айтпаганда да, ар бир автомобиль 1 кг оор металл бөлүп чыгарат экен. Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов жылына абаны булгоочу 240 тонна зат бөлүнүп чыгаарын, алардын 180 тоннасы автооунаалардан чыккан булганыч заттар экенин, ТЭЦтен чыккан уулуу зат алардын 14%ын түзөрүн белгиледи.

Автоунааларга газ баллон орнотуучу “Атикер” компаниясынын директору  Кубанычбек МИЙНЕКЕЕВге автоунааларга газ баллон орнотуунун артыкчылыгы, экологияга болгон таасири туурасында суроо узаттык.

— Автоунааларга куюлган газ менен бензиндин экологияга кандай таасири бар? Газ койдургандардын саны арбыганы эмне себептен?

— Себеби, бензиндин баасы күн санап жогорулап баратат. “Альтернативное топливо” деп коюшат орустарда. Газга көбү маани берип, көбү альтернативдүү күйүүчү майга өтүүгө аргасыз болуп жатышат. Бензин 40 сом болсо, газ 21 сом. Автоунааларга газ орнотуу кыргыздарга үнөм болуп, экономикалык жактан чөнтөктөрүнө каражат түшүрүп жатат. Негизинен экологияга жакшы таасирин бере турган газ болуп эсептелет. Себеби, абага бензин дагы, солярка дагы булганыч затты көп бөлүп чыгарып, аябай зыян алып келет. Коомдук транспорттордун 99%ы дизель менен жүрөт экен. Ошондуктан шаарыбызды кара туман каптап, баягы тоонун салкын, таза абасы Бишкек асманынан көрүнбөй калды. Бул тунарган аба акырындап ден соолугубузду начарлалатып, өлүмгө алып барарын экологдор күйүп-бышып айтып чыгышууда. Шаарыбызда миллиондогон автоунаалар толуп кетти. Ал автоунаалардын көпчүлүгү Европанын таштандылары. Европадан колдонуудан чыккан унаалардын баары биздин өлкөгө жайнап, Европа таштандысына айланып бараткандайбыз. Ар убакта тыгын көбөйдү. Газга басым жасаганыбыздын дагы бир себеби – шаарыбызды тазартууга аракет жасашыбыз керек. Биздин азыр бир эле бөлүмүбүз болсо, келечекте алыскы аймактарга да ачылып, иш алып барсак деген тилектер бар. Экинчиден, иш үйрөтүү боюнча да жаңыча аракет жасап жатабыз. Автоунааларга газ орнотуу акыркы эки-үч жыл аралыгында эле жакшы өнүктү. Жыл өткөн сайын дагы өнүгөрүнө ишенебиз. Канчалык машине көбөйгөн сайын ошончолук сервис, тейлөө керек болот. Биздин иш үйрөтүүдөгү аракетибиз канчалаган жумушсуз жаштарга жакшы билим болуп, андан ары иш алып кетүүгө жакшы өбөлгө түзөт.

Жамиля Нурманбетова 

Булак: Азия Ньюс

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: