Menu

Айнуру Алтыбаева, депутат: “Ар бирибиздин жүрөгүбүздө кудай бар, бирок ошону көбүбүз таанып биле албай жүрөбүз”

Бөлүшүү:

– Жашоодогу эң таттуу учуруңуз?

– Адам баласынын басып өткөн жолундагы эң таттуу эсте кала турган учуру болуп балалык кез эсептелет. Адам баласынын балалык кези менен кийинки жашоо турмушу тыгыз байланышта болот. Бала кезде урушуп талашуунун курчоосунда өткөн бала өксүк болуу коркунучу болот. Кудайга шүгүр деп айтат элем менин балалык кезим ойдогудай өттү. Үйдүн кенжеси болгондуктан, ата-энеме, бир туугандарыма эркелеп чоңойдум. Мугалимдердин үй-бүлөсүндө чоңойдум. Раматылык ата-энем тартипти биринчи орунга коюп, ар бирибизди баскан турганыбызга көз салып турушаар эле. Ош шаарында төрөлүп өскөм.

Ош шаарындагы бирден бир мыкты делген мектепте билим алдым. Балалык кез адам болуп калыптануудагы маанилүү учур десем жаңылышпайм. Алгачкы билимди да мына ушул учурда ала баштайсың. Фундамент канчалык бекем куюлса, салган тамың бекем болот. Анын сыңарындай бала кезден баштап билимди мыкты алсаң кийинки жашооңо пайдасы гана тиет. Мен мактангандай болбоюн бирок эң жакшы деген баа менен мектепти дагы жогорку окуу жайын дагы аяктадым. Бул алган билимим кайсы тармакта иштебейин жардамын берип келе жатат.

– Сиздин сыймыгыңыз?

Менин сыймыгым ата-энем, бир туугандарым. Ата-энемдин көзү өтүп кетсе дагы артында жакшы иштери, балдарына берген татыктуу тарбиялары калды. Алардын тарбиясын алган улуу эжем бүгүнкү күндө химия илимдеринин доктору, өлкөбүздүн илим тармагына аз да болсо салымын кошуп, өмүр бою агартуу тармагында иштеп келе жатат. Эжем ата энебиздин жолун жолдогон адам. Андан кийинки сыймыгым агам эле, өз жашоосуна тың, жеке ишкерлик менен алектенип, бизге канат болуп жүрчү эле, тилекке каршы былтыр кайтыш болуп калды. Агамдын элеси жакшы адам катары жүрөгүмдө калды. Мен дагы бир үй-бүлөнүн сыймыгымын десем болот. Балдарымдын мээримдүү энесимин жана алар сыймыктанган эне болгонго болгон күчүмдү жумшап келе жатам.

– Китепкөй адамдардансызбы?

– Ооба өзүмдү китепкөй адаммын деп эсептейм. Мен жакшы көргөн китебимди кайра-кайра окуй бергенден тажабайм. Ар бир кайталап окуган сайын ал китептин башка сырлары, маанилери ачылат. Бир китепти он жылдан кийин окусаң башка көз караш менен окуйсуң. Ошол себептен менин адатым жактырган китебимди канча жылдан кийин кайталап окуйм. Жакында курбумдан Маргарет Тетчэрдин китебин белек катары алдым. Бул китеп менин кызыгуумду ого бетер арттырды. Депутат болгонго чейин андан кийин деле аялдар менен көбүрөөк иштешип жүрөм. Мен атактуу, ийгиликтүү аялдар жөнүндө окуганды жактырам себеби мындай китептер азыркы коомдо муктаж энелер менен балдардын көйгөйлөрүн чечүүнүн жолдорун тапканга жардамы тиет. Маргарет Тетчэр Улуу Британиянын биринчи аял премьер министри катары башкаруу системасында кандай иштерди жүргүзгөнү тууралуу жакшы маалыматтарды берип өткөн. Маалыматтарды азыр интернеттен даяр түрүндө алып калдык бул жакшы. Бирок китеп окуунун таасири башка.

-Көбүрөөк кимге ишенесиз?

– Менин ишенимим көбүрөөк кудайга арналган. Кудай деген адаммын. 2014-жылы жакын адамдарым менен Меккеге барып келдик. Кудайга ишеним менен жашап, каалаган ой максаттарыма жетип, шүгүр келтирип жашап келатам. Жүрөгүндө кудай бар адамдын маңдайы жарык болот. Кудайга ишенүү ата эненин тарбиясынын балага берилет Мен ойлойм ар бирибиздин жүрөгүбуздө кудай бар, бирок ошону көбубүз биле албай жүрөбүз.

– Чоң жаңылыштыгыңыз?

– Майда барат адашууларды эске албаганда жашоодо чоң жаңылыштык кетирген жокмун. Кесип тандоодо да турмуш жолуна аттанууда да жаңылыштык кетирген жокмун. Ар бир кылган ишиме жоопкерчилик менен мамиле кыла билгендигимден көп жаңылыштык кетирген жокмун.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: