Menu

Орусия Тажикстанда диссертация жактоого чектөө киргизди

Бөлүшүү:

Орусиянын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Жогорку аттестациялык комиссия Тажикстандын Билим берүү академиясынын доктордук жана кандидаттык диссертацияларды жактоо боюнча Илимий кеңешинин ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту. Бул тууралуу Билим берүү академиясынын Диссертациялык кеңешинин төрайымы Ирина Каримова билдирди.

Анын айтымында, 14-ноябрдан тарта Тажикстанда «педагогика» адистиги боюнча доктордук жана кандидаттык диссертацияларды жактоо өткөрүлбөйт.

Мурдараак Орусиянын Билим берүү министрлигинин алдындагы Жогорку аттестациялык комиссия Тажикстандагы жогорку окуу жайлардын (Орус-тажик славян университетинен башка) Илимий кеңештеринин ишмердүүлүктөрүн убактылуу токтоткон.

Тажикстанда илимдин кандидаты жана доктору даражаларын жактоо боюнча аттестацияларды да Орусиянын Жогорку аттестациялык кеңеши өткөрөт. Илимдин айрым тармактары боюнча илимий даражаларды Тажикстан жогорку окуу жайларынын диссертациялык кеңештери ыйгарганы менен илимий даража берилгендиги тууралуу дипломдор Орусиянын Билим берүү министрлигинин алдындагы Жогорку аттестациялык комиссия тарабынан гана ыйгарылат.

Эки ай мурда Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Тажикстанда илимдин кандидаттары менен докторлорунун санынын көп экенине таң калып, маалыматтарды текшерип чыгууну тапшырган. Ал Санкт-Петербургда өткөн жогорку билимди өнүктүрүүгө арналган форумда сүйлөп жатып, 2015-жылдын ичинде эле Тажикстан улуттук университети менен Билим берүү академиясына 80 доктордук жана кандидаттык жактоо туура келгенин айткан. Тажикстанда илимий даражалар Жогорку аттестациялык комиссиянын эксперттик кеңештери тарабынан ыйгарылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: