Menu

Орусиянын БУУдагы өкүлү: Алепподогу согуштук аракеттер аяктады

Бөлүшүү:

Алеппонун чыгыш бөлүгүндөгү согуштук аракеттер аяктады. Бул тууралуу Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин билдирди. Өкмөт козголоңчулардын карамагындагы акыркы кварталдарга өз көзөмөлүн орнотту, деди дипломат.

Би-би-си билдиргендей, эгер чын болсо бул билдирүү Алепподогу төрт жылдан ашык убакытка созулган айыгышкан кармаштар аяктады дегенди түшүндүрөт.

Шейшембиде Чуркин ок атууну токтотуу боюнча макулдашууга жеткендиктерин жана ал Башар Асаддын куралдуу каршылаштарына шаардан чыгып кетүү мүмкүндүгүн бериши керектигин билдирген. Көтөрүлүшчүлөр да макулдашуу болгонун ырасташкан. Алепподон келген билдирүүлөргө ылайык, акыркы сааттарда шаарда бомбалоолор жана атышуулар болгон эмес.

Ок атууну токтотуу режими орнотулгандыгы тууралуу билдирүү өкмөттүк күчтөр тарабынан жасалган адам өлтүрүүлөр тууралуу БУУнун маалыматтары чыккандан кийин айтылды. БУУнун адам укуктары боюнча мекемеси шаардын төрт районунда өкмөттүк күчтөр тарабынан 82 жай тургундун өлтүрүлгөндүгү боюнча ишенимдүү далилдерге ээ экенин билдирген. Анда каза болгондордун саны андан да көп болушу мүмкүндүгү айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: