Кечээ, 20-июль күнү саат 12.00. чамасында ыкчам маалыматтардын негизинде Таш-Көмүр ШИИБнүн кызматкерлери Шамалдуу-Сай шаарчасына бурула бериш жердеги аялдаманын күн чыгыш тарабындагы Бишкек-Ош жолундагы эгин таалада, Бишкек шаарынын тургуну 42 жаштагы К.А өзгөчө жыты бар (кара куурай) өсүмдүктөрүн терип жүргөн жеринен кармалган. Бул тууралу Жалал-Абад милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Ал өзгөчө жыты бар өсүмдүктөргө кирчү кара куурайдын эгин тааланын арасында өсүп турган жеринен болжол менен 15 килограммдай түшүмүн ак мүшөкө терип алган. Кармалган атуул өзгөчө жыты бар өсүмдүгүн терип кургатып алып, сатууга камданган. К.А буга чейин бир нече жолу уурулук менен кармалып, Бишкек шаарында соттолгон.
Учурда терип алган кара куурай өсүмдүгүнө соттук-химиялык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми К.А Таш-Көмүр ШИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ