Ош шаарындагы “Жаштык” лагеринде 2010-жыл июндан бери жашап жаткан 8 үй-бүлө өкмөттүн атайын тапшырмасынын негизинде Кара-Суу районун Төлөйкөн айылына ӨКМ тарабынан убактылуу тигилген чатырларга көчүрүлдү.
Учурда бул үй-бүлөлөргө жер бөлүп берүү боюнча атайын түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Эгер бул жарандардын башка жакта жашай турган үйлөрү болбосо, аларга жер бөлүп берүү каралууда. Учурда чатырлар тигилген аймака электр жарыгын тартуу, ичүүчү суу менен камсыздоо аракеттери көрүлүп жатат. “Жаштык” лагеринде жашап жаткан Ош облусунун тургундары толук чыгарылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ