Menu

“Сентябрь” телекомпаниясы өчүрүлдү

Бөлүшүү:

28-август күнү түнкү саат 12:00дө “Сентябрь” телекомпаниясы өчүрүлдү.  “Сентябрь” көз карандысыз, эркин жана оппозициялык канал катары санарипте бир жыл беш ай иштеди. Канал ишке өтө ынта менен берилген ыктыярчылардын деми, күчү менен түзүлдү. 2016-жылдын 1-апрелинде телеканал Бишкекте жана Чүй облусунда алгачкы жолу санарип аркылуу эфирге чыгып, бир ай аралыгында Жалал-Абад жана Ош аймактарында, бир нече айда бардык башка облустарга жетип, “Сентябрь” Кыргызстан боюнча көрсөтүлө баштады. Эң башкысы, “Сентябрь” кыска убакытта популярдуулукту багындырууга жетишти. Албетте, бул биздин контенттин, берүүлөрүнүн мазмуну жагынан өлкөдөгү башка телеканалдардан айырмаланган форматы көрүүчүлөрдү тартты деп айтсак болот. Алгач бул каналда жарандардын бардыгы үчүн, карапайым адамдардан тарта үлкөн саясатчыларга чейин эшик ачык болду, каалоочуларга эфирдик аянтча берилди. Мындан тышкары, телеканалдын башкы өзгөчөлүгү – телекөрүүчүлөргө оперативдүү маалымат жеткирүүсү болду. Телеканал калыпка салынган нормалар менен эмес, көрүүчүлөрүнүн артыкчылык берүүсү менен башкарылды. Ошон үчүн көпчүлүк бул каналды жактырды.

“Сентябрь” телеканалы Дача СУдагы авиакырсык тууралуу, Өзгөндөгү жер көчкү кесепеттери тууралуу жана мындан башка өлкөдөгү бардык маанилүү окуяларды түз эфирде чагылдырды. Күн сайын эфирге 8 маалыматтык-оюн-зоок программаларды, ошондой эле “Апта” жумалык-аналитикалык программасын даярдап, чыгарды. Кыргызстандагы кызыкдар болгон ЖМК жана журналисттердин продукцияларына эфирдик аянча да берди.

Анткен менен бул канал бийликтин көкөйүнө көк таштай тийген фактор болду. 2016-жылдын декабрында Президенттин аракети менен каналды жабууга расмий старт башталды. Президент өзүнүн пресс-конференциясында аталган каналдын журналисттерин өлкө башчысы катышкан иш-чараларга катыштырбоо тууралуу көрсөтмө бергендигин моюнга алды. Ошондон тартып “Сентябрдын” журналисттери президент катышкан бир да иш-чараларга киргизилген жок. Башка мамлекеттик органдар муну кадимки белги катары кабыл алышып, каналдын журналисттерине интервью берүүдөн баш тартып калышты. Андыктан, телеканалды бир жактуу деп айыптоонун өзү акылга сыйбагандык.

Андан соң, 2017-жылдын январында “Акнет” кабелдик түйүнү канал менен иш алып баруудан баш тартып, ал тургай кызмат көрсөтүү үчүн төлөнгөн сумманы кайра кайрып берди. Себеби белгилүү болчу. Укук коргоо органдары тарабынан басым болду. Официалдуу түрдө “Сентябрь” телеканалынын каражатына Акнет тиешелүү линия кошулгандан кийин эле авария болду деген шылтоо менен токтотулган.

Февралда “Мегалайн” кабелдик түйүнү телеканалды өз тармагына алып, кызмат көрсөтүүдөн баш тартты. Ошондон бери карай “Сентябрь” каналынын документтери Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан текшерүүдөн башы чыкпай койду. Ал эми финансы көзөмөл кызматы Кыргызстан, Россия, атүгүл АКШ сертификация талап кылбай турган жабдууларга сертификат талап кылды.

Бирок, президенттик шайлоо болооруна жарым ай калганда бийлик телеканды эптеп жаптыруу үчүн оозду ачырган мыйзамсыз кадамга барды. Был жыл мурда “Сентябрдын” Жалал-Абаддагы аналогдук каналы аркылуу түз эфирден конок ошол кездеги премьер-министр, азыркы президенттике талапкер Сооронбай Жээнбеков жана анын бир тууганы Асылбек Жээнбековдун дарегине сын айтканын негиз кылышты. Бирок, Биринчи май райондук соттун судьясы Жылдыз Жумабаева ишти башынан эле бир жактуу карап туруп алды. Телеканалдын өкүлдөрүн жана жактоочуларды катыштырбай, ошондой эле шаардык сотту четке кагып, Жогорку Сотко кайрылууга мүмкүнчүлүк бербей, сот каналды жабуу тууралуу чечим кабыл алды.

Бүгүн санариптен “Сентябрь” каналын таппайсыздар. Экранда кара пландан башка эч нерсе көрүнбөйт. Бирок, телеканалдын жамааты көрүүчүлөрүнө мурдагыдай эле чындыкты, оперативдүү, элге керектүү маалыматтарды жеткирүү ишин андан ары улантуу чечимин кабыл алды. “Сентябрь” телеканалы “Жалбырак ТВ” деп өзгөрүп, соттук иштер аягына чыкканча, мындан ары интернетти багындырмакчы. Бир жума мурда Youtube каналынан “Жалбырак ТВ” каналы ачылган. Катталгандардын саны 49 миңге жеткен. Бардык теледолбоорлорду ушул канал даярдап, социалдык тармактарга жайгаштырат.

Андыктан, биздин ынтымактуу “Жалбырак ТВ” “үйүбүзгө” кош келиңиздер демекчибиз!

Булак: Жалбырак ТВ

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: