Menu

“Казакстанда кыргыз өкмөтүнүн жакынкы убакта алмашышын күтүп жатышат. Бул процесске Атамбаевдин аралашпоосу – казактардын койгон шарты” – эксперт

Бөлүшүү:

Казакстандык саясат таанучу Андрей Чеботарёвдин кыргыз журналисти Адил Турдукуловго берген интервьюсун кыскартып, кыргызчалап сунуш кылабыз.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы былтыркы жаңжал Нурсултан Назарбаевдин  эрки менен чечилип, чек аралар ачылды. ЕврАзЭСтин болсо мындай конфликттерди чечүү механизми жок экендиги айдан ачык болду. Сиздин оюңузча Назарбаев эмнеге ал жаңжалды оң жагына чечти?  Эми да ушундай жаңжалдар кайталанышы мүмкүнбү?

-Андай жаңжалдар албетте кайталанышы мүмкүн, анын объективдүү факторлору бар. Казак президентинин казак-кыргыз  жаңжалын чечүүгө активдүү кийлигишүүсү анын беделине байланыштуу. Азыр ал совет доорунан бери иштеп келаткан Борбордук Азиядагы жападан жалгыз саясый патриарх. Ошондуктан ал жаңы эле шайланган кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековго  ага караганда тажрыйбалуу, жашы да улуу саясатчы катары кол сунду. Назарбаев керкейип туруп алса болот эле, анткени Казакстандын Кыргызстанга караганда артыкчылыктары көп, кааласа көпкө чейин чек араны жаап, экономикалык мамилелерди токтотуп коё алат.

Негизинен Назарбаев туура иш кылды, анткени ал борборазиялык интеграциянын тарапкери эмеспи. Өзбекстандын жаңы президенти Мирзиёевдин келиши менен Борбор Азияда мамлекеттер аралык мамилелер жакшыра баштаган. Ал жакшы тенденциянын ыргагын Кыргызстандын экс-президенти Атамбаевдин казак президентине асылуулары бир аз бузуп койду.  Эми ал жаңжал чечилди , бирок ортодогу жарака калды жана кайсы бир күнү ал эски жара кайра козголушу мүмкүн.

Сиз кандай ойлойсуз, ал жаңжалды оң жагына чечүү үчүн Назарбаев кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековдун алдына кандайдыр бир шарттарды койдубу?  Назарбаев менен Жээнбековдун ортосундагы мамиле канчалык туруктуу жана узак мөөнөттүү болот деп ойлойсуз?

-Мунун баары бул экөөсүнүн мамилесинде Атамбаев  кандай ролду ойной тургандыгына байланыштуу болот. Анткени Атамбаев дагы эле Кыргызстандагы саясатка таасирин тийгизип келатат, көп билермандар аны премьер-министр же башка бир таасирдүү кызматка келип, өлкөдөгү саясый процесстерди көзөмөлдөөнү улантат деп жатышат. Ошондуктан казак-кыргыз кызматташтыгына Атамбаевди кийлигиштирбөө – бул Назарбаевдин Жээнбековдун алдына койгон тымызын шарты болушу мүмкүн. Анын үстүнө Назарбаев Жээнбеков менен түздөн-түз, “серый кардиналы” жок мамиле кылууга кызыкдар. Эгер Жээнбеков ушул шартты кабыл алса анда эки өлкөнүн башчыларынын ортосундагы мамиле өзүнүн конструктивдүү духун сактайт. Эгер кабыл албаса анда эң эле жок дегенде алардын ортосунда ар кандай түшүнбөстүктөр улана беришин күтүүгө болот.

-Биздин саясый система Казакстандан кескин айрымаланат, 2016-жылдагы Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча бийликтин көп ыйгарым укуктары, анын ичинде тышкы экономикалык ишмердик өкмөткө өткөрүлүп берилген.  Сооронбай Жээнбеков экс-президент Атамбаевден канчалык  деңгээлде көз карандысыз болот деп талашса болот, ал эми Сапар Исаков – Атамбаевдин көзүн гана караган анын кадры экенинде эч шек жок. Ошондо Астананын кыргыз премьер-министри Сапар Исаковго мамилеси кандай болот?

-Казакстан бийлигинде так иерархия бар, анын алкагында Сапар Исаков менен мамиле куруу премьер-министр Сагинтаевге гана жүктөлөт. Силердин премьер-министриңер Сапар Исаков былтыркы жаңжалга “аралашып” калгандыктан Казакстан менен Кыргызстандын өз ара мамилелерине залакасын тийгизбей койбойт. Ошондуктан казак бийлиги үчүн жакынкы убакта  Кыргызстанда өкмөт алмашып, премьер-министрликке Атамбаевдин көзүн карабаган инсан келсе ыңгайлуу болмок.

Булак: “Республика”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: