БУУнун (ЮНИСЕФ) балдар фонду – дүйнөдөгү балдардын жашоосун жакшыртуу багытында, блокчейн технологиясы колдонулган стартап-долбоорлорду каржылоо боюнча арыздарды кабыл ала баштаганын жарыялайт.
Смарт-келишимдерди, майнинг, токенизация, блокчейн чечүүлөрдү иштеп чыккан, жана ошону менен бирге, маалыматтарды талдоо багытында иш алып барган стартаптарга 50 миңден 90 миң АКШ долларына чейин каражат жумшалат. Кыргызстандындан жана башка өлкөлөрдөн арыздар 2018-жылдын 28-февралына чейин кабыл алынат.
Атайын долбоорлорду жана технологияларды түзүүдө аны алгачкы баскычында каржылоо демилгесин ЮНИСЕФтин Инновациялык фонду көтөрүп чыккан жана балдарга пайда келтирүү максатын көздөйт.
Каржылык жеке сектордук компанияларга же сиздердин өлкөдөгү ЮНИСЕФтин өкүлчүлүгүнө багытталышы мүмкүн.
«Мен бардык стартаптардын ийгиликтүү болот деген ой менен куру кыялдарды азыктандырбаймын, бирок алардын кандайдыр бир бөлүгү балдардын жашоосун жакшыртууга таасирин тийгизет деген үмүттөмүн”-, деген оюн ЮНИСЕФтин Инновациалык фондунун башчысы Кристофер Фабиан билдирген.
Тандалып алынган долбоорлор ЮНИСЕФтин төмөндөгү колдоолоруна ээ болушат: Каржылоо, техникалык колдоо, эл аралык эксперт-устаттардын жардамы, ЮНИСЕФтин маалыматтык базасына мүмкүндүк алуу, дүйнө жүзү боюнча ушул сыяктуу демилгелер менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү боюнча сунуштур.
Сунуштоо алдында, сиздин долбоор ЮНИСЕФтин http://unicefstories.org/blockchaincall/ сайтында жазылган тандоонун бардык критерийлерине жооп берээрин текшериңиз.Арыз таштоо үчүн бул шилтемени басыңыз https://unicefinnovationfund.org/#/submit.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ