Аскер прокуратурасы ооган согушунун ардагери катары жасалма документ даярдап пенсия алган жана жеңилдиктерден пайдаланган адамдарга байланышкан чуулгандуу фактылар боюнча кылмыш ишин козгоду. Ага чейин мекеме аралык комиссия ооган согушуна катышканы күмөн туудурган Куралдуу күчтөрдүн 160 офицерин таап чыккан. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча алардын арасынан 53 киши ооган согушуна барбаганы аныкталды. Анын ичинде Куралдуу күчтөрдүн аскер жетекчилигинде иштеп жүрүп пенсияга чыккан полковниктер жана генералдар да
жок эмес. Маселен, жогорку офицердик курамдагылардын ичинен генерал-майор Рысбек Мирзаматовдун, Коргоо министрлигинин башкы штабынын мурдагы башчысы генерал-майор Нуридин Чомоевдин ысымдары аталды.
Ошондой эле жаш курагы дал келбесе дагы ооган согушунун ардагери катары жасалма документ тууралап пенсияга чыккан 44 жаштагы милиция кызматкери Марат Аманкулов, советтик аскерлер Ооганстандан чыгарылган учурда, тагыраагы 1989-жылы болгону 15 жашта болсо, азыркы учурда 40 жаштагы милициянын старшинасы Дамир Сарыбаев 12 гана жашта болгон. Мекеме аралык комиссиянын корутундусу боюнча мындай көз боёмочулуктун кесепетинен мамлекеттин бюджети 80 миллион сомдон ашуун зыян тарткан. Учурда иш тергелүүдө.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ