Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кечээ, 16-июнда, Америка Кошмо Штатынын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтнини кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда Кыргызстан жана АКШ ортосундагы кызматташуу келечеги, Кыргыз Өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары, республикадагы парламенттик башкарууну өнүктүрүү тууралуу пикир алмашуу орун алды.
Элчи Шейла Гуолтни билдиргендей, Кыргызстан демократияны өнүктүрүүдө сезилээрлик жыйынтыктарга жетишти. Анын көрүнүктүү далили катары ал 2015-жылы өткөрүлгөн парламенттик шайлоолорду атады. Эл аралык уюмдар тарабынан ага оңдуу баа берилип, шайлоо ачык-айкын өткөндүгү белгиленди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ