Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султановго караштуу «Супер.кж» сайты буга чейин президент Сооронбай Жээнбековду катуу сынга алып келгени, бир катар саясатчылардын ачуу пикирлери менен ур-соккуга алганын байкаганбыз. Эгерде реалдуу сын-пикир болсо, мунун эмнеси жаман? Тескерисинче, конструктивдүү оппозициялык маалыматтар президентке пайдалуу болсо керек. Бирок, саясый мүнөздөгү логикалык секириктен качып кутулууга болмок беле? Маселен, «Султанов Түштүк Кореяда элчи болуп отурса, анан президентибиз Сооронбай Шариповичти «Супер.кж» сайты менен шыбаса, мындай кош стандарттуу эргулга чара көрүш керек!» деген да акылмандар чыгыптыр. Азырынча тар чөйрөдө тымызын талкуу болуп аткандыр. Эмесе, жакында элчиликтен Кылычбек мырза айдалат, же сайты менен гезитин бийликтин кызыкчылыгына жараша иштетип турууга көнүп берет. Кыскасы, «айт» дегенде «уйт» дегендей тартипке апкелүүнү Акүйдүн 7-кабатындагы билермандар бакылдап айтууда. А балким, Кылычбек Султанов айтканынан кайтпай, оппозициялык маанайындагы эркин көз карашынан тайбай койсо, Сокенин идеологдору ит болушабы?..
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ