«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов “Үй-бүлө кодексине” өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жаткандыгын маалымдады.
«Жубайлардын мамилеси “Үй-бүлө кодекси” менен жөнгө салынат. Ага өзгөртүүлөрдү киргизбесек болбой калды. Жалгыз бой аялдардан алиментке байланыштуу көп арыздар түшөт. Ажырашып кетип, алимент төлөөдөн баш тартып, же качып жүргөн эркектердин өлкөдөн чыгып кетүүсүнө бөгөт коюшубуз керек. Бул жерде өз жанын араң багып жүргөн, иши же үйү жок эркектерге эмес, колунда бар, тентек, карөзгөй эркектерге карата кеп болуп жатат. Алар чет өлкөгө жөн гана эс алуу, убактыларын кызыктуу өткөрүү үчүн чыгышат»- деди Шыкмаматов.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ