Menu

Борончунун бороону…

Бөлүшүү:

Куудулдардын доору келатабы деген ойго кептелесиң. Анткени килейген Украинанын элинин басымдуу катмары саясатчы катары санда жок куудул Зеленскийди падышанын тактысына отургузуп салышты чоң эрдик кылып. Ага чейин президент болгон Порошенконун ботколоруна тоюшканбы, айтор акыры башка нукта өнүгүүнү каалаган калк өз эркин айгинелешти.

Мейли, украиналыктарды тынч коелу да өзүбүздөн кеп куралы. Төрт күн мурда Кыргызстандан чыккан куудул Борончу Кудайбергенов негедир санаалаштарын топтоп алып маалымат жыйын курду. Курганда да түз эле парламентке муш кезеди тарагыла деп. Бокемин мындай эрдигине эмне дээрибизди билбей турган чагыбыз. Эмнегедир тээ илгери аткарылбай калган тилегине эми жеткиси келип калдыбы деген ой көкүрөктө уялайт. Оболу шайлоого кирип, мандат алып, андан соң ажолукка аттанабы деп бир обдулуп алдык ордубуздан. Неге болбосун, демократиянын шарданы аркылуу ар кандай “трюктарды” жасаса болчудай. Анан калса кээ бир “көк ашкабак” сыяктуу эл өкүлдөрүнө караганда Борончунун тили жатык, чыканагы казык экени деле ырас эмеспи. Демек, анын бороону жөн жерден чыкпаган шекилди. Келсе келе берсин парламентке, жок дегенде боорубуз эзилгенче жыргай беребиз да. Күлкү – ден-соолуктун мүлкү экени жалган беле?

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: