Menu

Орусиянын экономикалык өнүктүрүү министри 2 миллион доллар пара менен кармалды

Бөлүшүү:

Ири көлөмдөгү пара алууга шектелип кармалган экономикалык өнүктүрүү министри Алексей Улюкаев “Роснефтинин” өкүлдөрүн опузалаган. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.

Мекеме бул маалыматты Улюкаевдин телефондук сүйлөшүүлөрүн тыңшоо учурунда алды жана кылмыш ишине тиркеди. Министр эмне деп коркутканы ачык айтылган жок.

Алексей Улюкаевдин кармалганы 15-ноябрга караган түнү белгилүү болду. Тергөө версиясы боюнча аткаминер эки миллиард долларды “Роснефтиге” “оң баа” бергени үчүн алган. Министрликтин мындай бүтүмү менен октябрда компания “Башнефтиге” ээлик кылып калган.

“Интерфакс” агенттиги өз булактарына таянып билдиргендей, Улюкаевге параны “тергөө эксперименти” учурунда беришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: