Ош-Баткен-Исфана жолунун бүткөрүлүшү бүтүндөй республикабыздын турмушундагы чоң кубанычтуу окуя болгондугу талашсыз. Ошондуктан былтыр күзүндө Исфанага жеткен жолдун ачылышына президент А.Атамбаев өзү барып катышып, кызыл лентаны кескен болчу. Эгер мурда Баткенден Исфанага чейинки 145 чакырым аралыкка женил машиналар 3 саатта араң жетсе, азыр убакыт жарымына кыскарды. Бир чети эл аралык денгээлде курулган жолдо машиналар кыйналбай, бузулбай жүрүп калууда. Бирок медалдын экинчи бети болгондой эле, айрым айдоочулардын өтө жогорку ылдамдыкта айдагандыгынын кесепетинен адам өмүрү менен коштолгон кайгылуу окуялар да көп катталууда. 24-февралда саат 08:10 чамасында Баткен облусунун Кадамжай районунда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 126-чакырымында оор жүк ташуучу “Хово” үлгүсүндөгу унаа менен “Тико” үлгүсүндөгү унаа кагылышып, анын кесепетинен “Тико” унаасындагы 2 адам каза болду (1 аял, 1 эркек). Мындай жол-транспорт кырсыктары тилекке каршы, көп катталууда. Адистердин айтуусунда, анын себеби адам фактору, каттуу ылдамдыктан тышкары эл аралык маанидеги трассанын туурасы кыска болуп, көпчулук учурларда бурулуш, өйдөлүш жана ылдыйышты алдын ала эскерткен жол белгилеринин жок болгондугуна да байланышууда.
Булак: “Майданkg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ