Бүгүн, 27-октябрда Бишкек мэриясынын жанында митинг болуп өттү. Анда Төрөхан Жунусбеков баш болгон 40ка жакын адам чогулуп, баш калаанын башчылыгына кирүүгө аракет кылышты.
Митингчилерге Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев чыкты. Ал 2021-жылдын апрелине белгиленген Бишкек шаарынын мэрин расмий шайлоого чейин эки-үч ай бою талыкпай иштей тургандыгын айтты. Ошондой эле ал өзү мэрлик кызматка талапкерлигин койбостугун кошумчалады.
Ошондой эле, митингге мыйзамсыз жер тилкелери барлар катышты.
“Эртеңден баштап биз ушул көйгөйлөрдү чечебиз” – деди Балбак Түлөбаев. Ошондой эле ал бүгүн муниципалитетте кадрдык өзгөрүүлөр болорун белгилеп, бирок ким алмаштырыла тургандыгын так айткан жок.
Ал эми Төрөхан Жунусбеков Түлөбаевдин кызматка дайындалышы тууралуу төмөнкүчө жооп берди.
«Мен Балбак Түлөбаевдин мэрдин милдетин аткаруучу болгонуна макулмун. Биздин көз караштарыбыз бирдей ”, – деди Жунусбеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ