Menu

Камчыбек Ташиевдин “камчысында” касиет барбы?

Бөлүшүү:

Камчыбек Ташиев деген ысым кыргыз саясатында олуттуу орунда тураары айкын. Бул мырза бир кездеги бетке чапма, эмоцияга толгон, амбициясы ашынган, «Кызыл жинди» мүнөзүнөн кайтып, кыйла олуттуу тартып, маселеге тереңден кароо менен баа берүүгө тез үйрөнүп, анын ар бир кадамын тыкыр анализдегенге өткөнү аброю кадимкидей арта баштады. Ырасында, Камчыбек Ташиев катардагы бизнесмендиктен парламенттен депутаттыгына өсүп жеткен сон майы түгөнгөн бульдозерче «өчүп» калбады. Чыйрак саясатчы экенин далилдеп, өз кезегинде бакыйган партияны башкарып, аны парламентке биринчи номурда алып келди. Президенттикке ат салышты. Бийликке оппозиция болду. Акүйгө ашып түшкөнү үчүн соттолду. Депутаттык мандатынан кол жууду. Ооба Камчыбек Ташиев саясатта жүрүп
саясатчынын тагдыр жолуна таандык дээрлигин басып өтө алды десек туура болот. Коомчулукта Ташиевди бир тарап жактап, атургай көкжал катары баалап жиберип жатса, бир тарап аны сынды деп сынга алууда. Бирок, саясый айдың курчуган ушул учурда кандай окуя, маселелер болбосун Ташиев айрымдар айткандай «сынып» калбастан өз пикирин ачык билдирип чыгууда. Ошол эле маалда ар кандай кырдаалды өз пайдасына тартып кетүүнү көздөгөн өзүмчүлдүгү жоктугун айгинелеп, өлкө бүтүндүгү үчүн ар качан калыс пикирин айтууда. Эртең, бүрсүгүнү ажо жарышта Камчыке балким өзү сүрөгөн лидер жеңишке жетип калса, анда бул жигиттин «камчысында» анык касиет бар экен дейбиз. Анткени ал мүмкүн болгон баардык жарыштарды жеңип келе жатат. Бир гана президенттик калды өңдөнөт.

Булак: “Де Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: