Menu

Атамбаев Матвиенко менен жолукту

Бөлүшүү:

Президент Алмазбек Атамбаев Орусия Федералдык жыйынынын Федерациялар Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенкону кабыл алды. Мамлекет башчы анын өлкөгө келишин «чыныгы достун сапары» деп атады.

Атамбаев Матвиенко башында турган Федерациялар Кеңеши Кыргызстанга бардык маселелер боюнча жардам берип келерин белгиледи. “Сиздин биздин кызыкчылыктарыбызды жактап, жардам берип жаткандыгыңызды билем. Сизге чоң рахмат!”, – деди Атамбаев.

Өз кезегинде Матвиенко Кыргызстанга болгон акыркы сапары тууралуу айтып берди.

“Акыркы жолу мен бул жакка 2014-жылы келгем, андан бери 3 жыл өтүп кетиптир. Бирок дагы деле ал жагымдуу сапар менин эсимде. Жогорку Кеңештин төрагасынын чакыруусу менен ишке ашкан бул сапарым КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясына байланыштуу. Мен Ассамблеянын төрайымы катары Жогорку Кеңеш менен биргеликте КМШ өлкөлөрүнүн «Шериктештик балдары» атту эл аралык билим берүү жана маданий форумду уюштуруп жатам”, – деди ал.

Матвиенок КМШ өлкөлөрүндө жашаган балдардын мындай форумга чогулуусу өтө маанилүү экенин кошумчалады. “Муну менен биз бирдиктүү гуманитардык чөйрө түзүп жатабыз. Биздин муун сыяктуу алардын да КМШдагы бардык жолдоштору менен достошуусу өтө маанилүү”, – деди ал.

Өткөн жумада Бишкекке расмий сапары менен Орусия Мамдумасынын төрагасы Вячеслав Володин келип кеткен. Айрым эксперттер орусиялык аткаминерлердин келишин күзүндө өтө турган президенттик шайлоо менен байланыштырышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: