Улуу Ата Мекендик согуштун 72 жылдыгынын урматына Ички иштер министрлигинин ардагерлер кеңеши тарабынан согуш учурунда тылда эмгектенген ИИМдин ардагери милициянын отставкадагы полковниги Сагынбек Чоюнбаев жана милициянын отставкадагы полковниги Эшенкул Усубалиевге акчалай сыйлык жана белектер берилди. Токмок шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Темир Асанбековго «Путилин» атындагы төш белги ыйгарылды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын полковниги Султанбек Жоошбаев Улуу Ата Мекендик согуштагы тылдын катышуучуларына ден-соолук, бакубатчылык каалады. “Силер бар биз бүгүнкү күнү жакшы жашоодо жашап жатабыз. Сиздер согуш учурунда ачкачылыкты, жашоонун кыйын кырдаалын көрдүңүздөр,эми, ар дайым тынчтыкта жашаңыздар”, – деди С.Жоошбаев.
ИИМдин ардагерлер кеңешинин мүчөсү милициянын отставкадагы подполковниги Абдылас Мамкулов Чүй районунун Алчалуу айылында сый тамак уюштурду. Сый тамакка ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү катышып, А.Мамкуловго ыраазычылыктарын билдиришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ