Menu

Подмосковьеде ууланган өзбекстандыктардын абалы жакшырууда

Бөлүшүү:

Өзбекстан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Подмосковьеде ууланган 26 өзбекстандыктын аты-жөнүн жарыялап, алардын абалы турукташканын билдирди.

Министрлик билдиргендей, ууланган жарандар 18-августта ар түрдүү тамак-аш жегенден кийин өздөрүн начар сезе башташкан. Өз алдынча дарылануудан майнап чыкпаган соң, 21-августта Тез медициналык жардам станциясына кайрылышкан. Уулангандардын 23ү ооруканага жаткырылды. Дагы бирөөсү “тез жардам” келгенче каза болсо, экөө ооруканага жатуудан баш тарткан. Аларга болжолдуу түрдө гастроэнтерит деген диагноз коюлду.

Учурда ооруканада жаткан 23 кишинин абалы жакшы.

Орусиядагы Өзбекстан элчилиги каза болгон өзбекстандыкты мекенине жөнөтүү боюнча иш алып барууда.

Орусиялык басылмалар өз булактарына таянып кабарлашкандай, өзбекстандык куруучулар 18-августта эле тамактангандан кийин өздөрүн жаман сезе башташкан, бирок ошол замат дарыгерлерге кайрылышкан эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: