Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 30-сентябрдагы отурумунда БШКнын 2-сентябрдагы чечими менен катталган “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан шайланган ыйгарым укуктуу өкүлдүн каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.
Ошондой эле ал ыйгарым укуктуу Т.Токтакуновага берилген №107 каттоо күбөлүгүн жараксыз деп тапты.
БШК Мамытов Нурбек Закирбаевичти “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан шайланган ыйгарым укуктуу өкүл катары каттады.
Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ