Menu

Трамптын жеңишинен кийин орус миллиардерлеринин байлыгы өстү

Бөлүшүү:

Дональд Трамп АКШ президенти болгондон бери орусиялык миллиардерлердин, алардын ичинен Владимир Путин менен байланышы барлардын жалпы байлыгы 29 миллиард долларга көбөйгөн. Бул тууралуу Forbes журналы жазды.

Элден мурун Геннадий Тимченконун жана Леонид Михельсондун капиталы өстү. Аларга НОВАТЭК газ компаниясынын акцияларынын жогорулоосу жардам берген (АКШдагы шайлоолордон кийин акциялар 16 пайызга жогорулаган). УчурдаТимченконун байлыгы 15 миллиард доллар, Михельсондуку 18 миллиард доллардан ашуун деп бааланууда.

Журнал мындан тышкары нефтехимиялык “Сибур” холдингинин тең кожоюну Кирилл Шамалов жөнүндө дагы жазган, бирок так сандарды келтирген эмес. Reuters агенттиги аны “Путиндин күйөө баласы” деп эсептейт.

Орусиялык миллиардерлердин байлыгы акциялардын жогорулоосунан гана эмес, рубль 2016-жылы 20 пайызга бекемделгендиктен улам дагы көбөйгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: