Menu

Аба ырайы: Шашылыш билдирүү

Бөлүшүү:

2016-жылдын 20-апрелден 22-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-250-чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 75-83-чакырымдарында кар көчкүнүн түшүүсү жана кар күрткүсү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл.

18-апрелден 22-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. 18-апрелде күндүзү жана 19-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу аймактарда унаа жолдор тоңголок, тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт.  Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы 10-12° төмөндөп: Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 10…15° жылуу, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, күндүз 8…13° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн 3…8° суук, күндүз 2…7° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 10…15°, күндүз 0…5° суукка чейин болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

18-апрелден 22-апрелге чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүшү мүмкүн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: