Бүгүн, 9-декабрда Кыргызстандын Жогорку соту УКМКнын 9-кызматынын экс-башчысы, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеевге карата ишти кароодо.
Жогорку соттун имаратынын жанында Дамир Мусакеевдин 50гө жакын тарапташтары бар. Алар колдорунда экс-жансакчынын сүрөттөрү түшүрүлгөн плакаттарды кармап турушат. Плакаттарда жазуулар бар: “Дамир Мусакеевге эркиндик! Дамир ак жерден отурат”, “Дамир Мусакеев акталсын”.
Эске салсак, 24-майда УКМКнын 9-кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеев 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот процесси Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда жабык эшик артында өткөн. Дамир Мусакеевге судья Инара Гилязетдинова өкүм чыгарган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ