Menu

Жогорку сотто Кыргыз Республикасынын жаңы Жарандык процесстик кодексин колдонуу боюнча семинар өтүүдө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2017-жылдын 12-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Кыргыз Республикасынын жаңы Жарандык процесстик кодексин колдонуу боюнча семинар өтүүдө. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директору Раушанай Тургунбаева жана “Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү” GIZ программасынын улуттук координатору Рустам Мадалиев эки күндүк семинарды ачып, сөз сүйлөштү.

Катышуучуларга программа боюнча Кыргыз Республикасынын жаңы Жарандык процесстик кодексин колдонуу боюнча семинардын концепциялары тартууланды. Эки күндүк семинардын программасы 9 блоктон турат. Биринчи блокто Жарандык процесстик кодекстин жалпы жоболору каралды (Жаңы ЖПК боюнча жалпы маалымат; Негизги жоболор; Соттун курамы. Четтетүүлөр; Ведомстволук караштуулук; Сотко караштуулук; Жарандык процесстин катышуучулары; Далилдер; Соттук чыгымдар; Соттук айыппулдар; Процесстик мөөнөттөр; Соттук кабарлоолор жана чакыруулар).

Күндүн экинчи жарымында биринчи инстанция сотундагы өндүрүш, айрым иштер жана өндүрүштөр боюнча кароо өзгөчөлүктөр, өзгөчө өндүрүш маселелерине арналган дагы үч блок каралмакчы.

Семинарда лекторлор болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын орун басары А. Базаралиева, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Г. Калиева жана М. Мельникова, отставкадагы судья Л. Гутниченко окутууда.

Семинардын ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык, административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегияларынын судьялары  катышууда.

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби  “Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү” GIZ программасынын колдоосу менен биргеликте Кыргыз Республикасынын судьяларынын жана соттордун аппарат кызматкерлеринин билимин жана көндүмдөрүн кеңейтүү максатында 2017-жылдын 1-июлунан күчүнө кире турган Кыргыз Республикасынын жаңы Жарандык процесстик кодексин ченемдерин колдонуу жөнүндө адистештирилген тренингдерди өткөрүп башташты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: