19-май күнү жалпы республикалык тестирлөө учурунда Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы мектептердин бирине жасалма паспорт менен кирип тест тапшырып жаткан жеринен 20 жаштагы бала кармалган. Ал 21 жаштагы Жалал-Абад облусунда туулган баланын паспорту менен тест тапшыруу үчүн мектепке кирген. Иликтөөнүн жүрүшүндө пара берүү жолу менен иш жүргөнү, пара колдон-колго өткөнү, берилген паранын суммасы 400 доллар экени белгилүү болгон. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү жарандарга чара көрүлөөрү маалым болду.
Булак:”Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ