Menu

Бекен Назаралиев: «Коррупционер Атамбаевди» Президент Атамбаев ооздуктай алабы?»

Бөлүшүү:

“Карапайым адамдардын жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен мыйзамсыз байыгысы келгендердин каршылыгына карабастан, биз коррупциялашкан чиновниктердин уюгун талкалап, өлкөнү өнүктүрүү үчүн адилет жана жаш башкаруучуларга жол ачып жатабыз”

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев

Бул ирет Атамбаев туурасында сөз кылууну туура көрдүм…

Албетте, президент Атамбаев эмес, Ош шаарынын тургуну бир кездеги “мент”, азыркы күндөгү “көмүр падышасы” аталган Жалил Атамбаев деген чириген “көпөс” жөнүндө сөз болмокчу. Анын азыркы президент менен эч кандай тууганчылыгы деле жок. Болгону Атамбаев деген фамилиялары гана окшош экенин окурмандарга айта кеткеним оң го.

Бул макаланы жазарымы айтсам, кара-кулжалык Жеке деген досум, “Ал деген «хищник»! Анын жеп ичкенин сен гана билесиңби? Керек болсо журналисттердин жазгандарын уруп да, окуп да койбойт! Ал акча эсептегенден башканы билбейт, өмүрү гезит окубаган адам. Керек болсо Ак үй, көк үйдөгүлөрдүн баарын сатып алган адам. Мен азыр, сенин өмүрүңдү, үй-бүлөңдүн тагдырын ойлоп жатам! Сени жок кылып, көмүр казылган таштардын алдына таштатып, эч ким таба албай тургандай үстүңө көмүрдүн калдыктарын төктүрүп, көмдүрүп коёт! Бүттү!”- деп калды. Мен Жеке досума “Кудай берген өмүрдү, Жараткан өзү гана алат. Ал эмне, жердеги Кудай болуп калыптырбы? Сен менин тагдырым эмес, өзүңдүн бүкүлдөгөн көчүгүңдү ойлоп жатасың! Эмне, Жалилге жандалбастап болушуп калганыңа караганда анын акчасына колуң булганып калганбы? Элдин ырыскысын, мамлекеттин байлыгын уурдап тоногонду токтотсун! Мен болгону ошону гана айтып жатам…”- дедим. Ал эми Жеке күч алып, күпүлдөп “Жалил, акчасы көп, жердеги Кудай болуп калганы чын! Бел-Алмага бараткан жериңден таш кулап кетип, машинаңды басып гүмжам кылып коюшу мүмкүн. Арам акчалары менен тапкан бул кенди жөн эле сени жаздыртып, аны токтоттуруп койбойт! Ошону бил, ал сен сындап жазып жүргөн саясатчылардан эмес… Анын акчасы ак үйдөгү көкүрөгү түктүүлөргө чейин жетип, алар анын ырын ырдап, эч кимге кол тийгизбей коргоп турушат. Жолун тосом дегендердин эч кимисин аябайт. Дагы айтам ал «хищник»! Байлыгын бирөөгө алдырбаш үчүн адам өлтүргөндөн да кайтпайт! Акебай, жазам дегениңди токтот! Андан көрө анын адамдары менен сүйлөшүп берейин…”- деп жинденип ары-бери басты. “Ал ошончолук эле «монстр» бекен?”- дедим. Жалил Атамбаев тар чөйрөдө отурганда “Мыйзамыңды уруп ойнобойм, баарын акча менен сатып алам! Кыргызстанда баары сатылат, Ак үй, көк үйдөгү мен деген адамдардын баарынын оозун майлап койгонмун… Мага каршы сөз да айта алышпайт, азырынча эч кимдин тиши да өтпөйт. Менин берген акчаларым “өлкө тагдырын чечкен адамдын” эң ишеничтүү кишиси аркылуу алаканын жылытып турат! Менин тамырым, өлкөнүн мартабалуу адамдарына чейин жетет… Ошон үчүн колуңардан кокон да келбейт!”- деп айткан кептери бекер жерден эл аралап жүрбөсө керек. Жалил Атамбаевди карап туруп, бир кезде Брежневдин гүлдөгөн доорунда Өзбекстан гана эмес, бүткүл союзга дүң болгон Советтер Союзунун масштабдагы ”мафиозу” аталган Ахматжан Адыловго айласыздан окшоштуруп кетесиң.

Чынында Жалил Атамбаев элдин ырыскысын уурдап, байыган адам экенинде талаш жок. Анын акчасы менен тең тайлаша турган адам, азырынча түштүктө жок деп кеп кылгандар көп. Өзү дагы жакын санаалаштары менен отурганда “Жакында Кыргызстандагы эң бай деген Аскар Салымбеков, Өмүрбек Бабановдон ашып өтөм…”- деп мактанып коюп жүрөт дешет. Милиция болуп, айлыктан айлыкка эптеп үнөмдөп жеткирип жүргөн Жалил мырза мынчалык байлыкты кайдан топтоду?- деген суроо өзүнөн өзү пайда болот эмеспи. Дүнүйө топтосун, ага эч кимдин ичи таарыбайт, ага каршы да болушпайт. Биздин мыйзамдар ага жооп берет. Мисалы, Сары-Өзөн Чүйдүн ээн талаа, саздуу камыш баскан жерине Орто-Азиядагы эң чоң “Дордой” базарын ак эмгеги, маңдай тери менен курган Аскар Салымбековдой жаратман адам болсо, башка кеп эле. Эгемендүүлүктү алган жылдардан бери Салымбеков канча миңдеген адамдарга жумуш ордун түзүп, мамлекеттин казынасына бир канча миллиондогон, балким миллиардаган сомдорду төгүп келет. “Көмүрчү” Атамбаевдин өмүр баяны андай эмес. Кеп, Жалил мырзанын кандай жол менен байлык топтогону жөнүндө болуп жатат. Бере турган суроонун маңызы ушул жерде. Акыркы кездерде анын фамилиясы эл арасында чыр-чатак иштер менен гана кайра-кайра айтылып келүүдө. Мисалы, Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнө караштуу өтө чырлуу «Бел-Алма» көмүр кенинин айланасындагы жаңжалга байланыштуу чындыктын үнү элге жетсин деп чечтим. Ошол жаңжалдуу, «Бел-Алма» деген “кара алтын” кенинин өтө көп запасы жаткан жердеги элдин байлыгын чак түштө шылуундук менен уурдап алганы бар. Өз менчигине бир күндө айландырып, Атамбаев “кожоюн” болуп алганы туурасында окурман журтуна кеп кылалы. Майдан айыл өкмөтүнүн жашоочулары, карапайым элдин колундагы ырыскысын уурдап алган адамдын жүзүн чогуу ачалы. Жалил Атамбаев ким? Кымбаттуу окурман, ушул нерсенин айланасында акыл калчап көрөлү.

«Бел-Алма» кенинин чатагы канчага чейин созулат?

Бекер жеринен, союз мезгилинде Кыргызстанды Орто-Азиянын “кочегары” деп айтышпаса керек. Бул сөз ошого ылайыктуу болчу. Бизде көмүр чыккан жайлар өтө эле көп эмеспи. Мисалы атагы алыска кеткен Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Шуран, Алмалык, Көк-Жаңгак, Туюк, Кара-Кече, Жыргалаң, Таш-Көмүр жана башка көмүр чыккан бассейндерин айта берсе өтө эле көп. Ошондой кара алтындын өтө көп запасы жаткан «Бел-Алма» көмүрү акыркы учурда чоң талаштын чырына айланды. Ошол коррупциялык чыр бүгүнкү күндүн “көмүр падышасы” аталган Жалил Атамбаевдин ач көздүк менен «Бел-Алма» көмүр кенин алган күндөн башталат. Канча ирет ошол жердин тургундарынын оозун акча менен басса да, элдин нааразылыгы ушул күнгө чейин уланып келет. Атамбаев каршы пикирин айткан адамдардын баарын өзүнүн арам жолдор менен тапкан акчаларын берип оозун басканга азыр деле аракет жасоодо. Анча-мынча айылдык деңгээлдеги лидер сөрөйлөрүнө акча, райондо кадыр-баркы барларга “жол тандабас” машина мингизип ооздорун басыптыр деп уктук. Ошондон кийин «Бел-Алма» кенинин чатагы басылгандай болду эле. Бирок элдин нааразычылыгы дагы деле токтой элек экен. Көрсө, эл дагы деле Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө нааразы экенинен кабар алдык. Бардык эле нерсени акча менен басып алууга, ошондой эле элдин баарын сатып алууга да мүмкүн болбосо керек.

Бул жерлерди тыкыр изилдеген окумуштуулардын айткандары боюнча «Бел-Алма» көмүрүнүн запасы 80 000 000 тоннадан да көп деген маалыматтар бар. Мынчалык көмүр кенинин запасы жер астында жатканын билгенден кийин Атамбаевдин алкымы бузулуп, көзү маймылдын көчүгүндөй кызарып, түн уйкусу бузулуп, башкаларга ыраа көрбөй жаткан учуру. «Бел-Алма» көмүр кенин башка көмүр кендериндей шахта түрүндө, жер астынан азаптын азабы менен казып убара тартып отурбастан көп деле чыгым тартышпайт экен. Башка кендерден «Бел-Алма» кенинин сыры ушунда жатат. Үстүндөгү бир аз топуракты шилеп салып, аз чыгым кетирип көмүрдү каза берүү жеңил оокат экен. “Кара алтындын” кени болгон «Бел-Алма» көмүр бассейни бир райондун элин гана эмес, керек болсо облустун калкын бага турган өтө уникалдуу кен байлык экени талашсыз. Майдан айылында кычыраган кышта жакканга көмүрү жок отурган карапайым элдин жашоосу күндөн-күнгө кыйындап барат. Элдики элге кетиши керек эле. Мисалы, Мамат Айбалаев Кадамжай сурьма комбинатын башкарып турганда ал Кадамжай району эмес, облусту кошо баккан ишканага айланткан. Жалил Атамбаев байыса байыгандыр, карапайым элдин итке мингени, бул чындык. Бирок, эл арасында айтылгандай “ууруну каракчы тоноптур” деген заман болуп жатпайбы…

Көмүр кенинин көшөгө артындагы “кожоюндары” кимдер?

Менин колума жеткен маалыматтарга таянсам, «Бел-Алма» кенине алгач кожоюнчулук кылган ОсОО “Сити Холдинг” болгон. Ал эми Замирбек Эсенаманов министр болуп турган учурда “Эйша Пейсифик Ресурсов” компаниясына өтүп кеткени таң калыштуу болгон. Ал компаниянын артында Жогорку Кеңештин муруңку төрагаларынын бири турган деген маалымат да бар. Аты аталган «Бел-Алма» көмүр кени Эсенамановдун көшөгө артындагы оюну менен 1 200 000 америка долларына сатылып кеткен. Ушуну менен эле алар туруп калышкан жок. Андан кийин ОсОО “Беш-Арча” көмүр кенин 1 000 700 доллар менен утуп алды кылышып, “кара алтындын” кожоюну Жалил Атамбаев болуп калат. Эл арасында “Беш-Арча” компаниясынын артында Жалил Атамбаев болгону менен иш кагаздары анын Улан деген жээнине катталган. Айылдаштары айткандай, Жалил мырзанын бул “олигарх” жээнинин короосунда байланган ую, анча мынча жандыгы бар, Чалма айылында турмуштун кыйынчылыгын эл катары көрүп эле жүргөн жупуну адам дешет. Анан кантип эле, Атамбаевдин жээни Улан мырза ушундай кендин “кожоюну” болуп чыга келгенин Чалма айылындагылар угушса чалкасынан түшүшсө керек. Фирманын ээси экенинен жүзүн жашырып жүргөн, эл арасында коррупционер аталган Жалил Атамбаев өзү да жердиги боюнча Кара-Кулжа районунун Чалма айылынын кулуну болот деп уктук. “Беш-Арча” компаниясы жээнине катталганы менен анын мындай фирма ачканга акчасы жок экени айылдаштарына деле белгилүү. Бизге жеткен кээ бир маалыматтар боюнча Жалил Атамбаев “Беш-Арча” компаниясын 400 000 америка долларына сатып алганы маалым. Себеби, кенди иштетүү үчүн ал жерден эч нерсе казылып, кендин сапаты, жердин кыртышы текшерилген эмес.

Кыргызча эле кенди жапайы жол менен казышып, четинен уурдап киришкен. Албетте, кыргыз элинде “Алма бутагынан алыс түшпөйт” деп айтылгандай Атамбаев өзүнүн табиятына жакын иш ыкмасы менен баштаган. Бирок, ишти баштаганда эле “Бел-Алма” кенинен казылып ташылган көмүргө жасалма документтерди жасашкан. Кыргыздар “Ал ээрге отурганда эле, кыйшык отурган болчу” дегендей болуп жатат. «Бел-Алма» кенинде эч кандай долбоорлоо иштери жүрбөй жатып, көмүрдү казып, сата башташкан. Жалил Атамбаев тараптан билип туруп, мыйзам бузуу менен иш башташкан. Бул «Бел-Алмадагы» коррупциялык иштин алгачкы кадамдары ушундай болгон. Мындай кенди жалгыз эле Жалил Атамбаев “сугунуп” жатат дегенден алыспыз. «Бел-Алма» кенин четинен оюп жеп келе жаткан, Жалил мырзанын “табакташтарынын” бири, Геология жана минералдык ресурстар агенттигине Дүйшөнбек Текшербекович Зилалиев башчы болуп келгенден бери, бул тармакта коррупциялык иштер Сицилиядагы мафиядай гүлдөп өнүгө баштаганын, ушул тармакты жакшы билген адистер айтышып эле жүрүшөт. Текшербекович, бул шектүү иштерди текшербей эле, өзү кошо коррупциялык иштерге аралашып алган эмеспи?- деген күмөн туулат.

Т. Зулпукаров ЖКнын депутаты, А. Султанов экс-депутат, президенттин кеңешчиси И. Илмиянов, Баткен облусунун мурдагы губернатору, азыркы Өкмөттүн вице-премьер-министри Ж. Разаковдордун аттары да айтыла калып, бул кенде алардын үлүштөрү бар деп айтып жүрүшкөндөрү бекер жеринен болбосо керек. Алар ар кандай жооптуу кызматтарды аркалап, ууруларга “крыша” болушуп, өздөрүнүн да алакандарын ай сайын “жылытып” жүрүшөт деген кептерди угасың. Ушундай жемкорлукка тымызын жол ачып, эл үчүн күнү-түнү иштеген адамдай болушуп сыпаа басып, ооздорун кургак чөп менен аарчышып, арам байлык топтоого жол ачкан деп Зилалиевди айтышат. Алмаз Шаршенович, коррупция менен күрөшүүсүн Зилалиевден баштаса оң болот го деп ойлойм. Президент Атамбаев элдин айтканына ишенбесе,  УКМКнын башчысы Сегизбаевге тапшырма берип, тактап, изилдеп көрсүн. Биз билбеген дагы көп нерсени таап чыгышат деген ойдомун.

Акыркы кездерде Кыргызстанда да мафиялык топтор чынжырдай чырмалышып, иттин жүнүнөн да калың болушуп, бирин-бири колдошуп, ынтымактуу иштеп жаткандыктарын жашырып болбойт. Анын жүзү деп азыркы Жогорку Кеңеште отурган депутаттарды айтса болот. Бул олигархтардын мафиялык тобу. Мындай жол менен кетсек биздин мамлекеттин келечеги жок. Өлкөнү уурулар менен олигархтар башкарып калуу коркунучу ар бирибиздин эшигибизди каккылап турат. Алар өзгөчө акыркы шайлоолордо жеңишке жетүүчү партиялардын алдыңкы орундарына төлөнүүчү акчалардан бери Жалил Атамбаевге окшогон “олигархтар” өз адамдарын Жогорку Кеңешке депутат кылып алып келүүгө жетишүүдө. Алар көбүнчө бийликке каршы сүйлөбөгөн, өз пикири жок жетеленме, кнопканы гана басканды билген “балык депутаттар” экени элибизге белгилүү. Андан аркысына ал бечаралардын мээлери жетпей жатса, эмне кылышсын? Көбүнчө элдин, кен-байлыгыбызды, экономикабыздын канын соруп, митедей болуп келген “көпөстөрүнө” ылайыктуу мыйзамдарды кош колдоп берип “лоббировать” этип, добуш берген депутаттар экенин элибиз эми түшүнө баштады. Ошондой бай адамдардын, олигархтардын парламенттеги мандикар “кнопка баскычтары” болуп, жалданма жумушта иштеген депутаттар да пайда болууда. Аларды кийген костюмуна тагылган депутаттык төш белгилеринен гана билесиң.

Атамбаев кыргыз элин кантип алдаган?

Эл арасында “Алдар Көсө” деп аталган Жалил Атамбаевдин “Жаңы Доору” утулуп, анын дагы бир фирмасы “Беш-Арча” кантип уткан? Бир коррупциялык схемадагы конкурстун жыйынтыгы мындай болуптур. Буларды мафиялык топ деп айтууга туура келет. Кантип, дебейсиңерби? Анткени, бүгүн капчыктуу Жалил Атамбаев менен чиновник Зилалиевге окшогондор, мамлекеттин экономикасы, элдин жашоосунан “мафиялык топтун” жеке кызыкчылыгын жогору коюшуп, арам иштерди жасап жатышат. Алардын өз чөнтөктөрүн арам акчаларга толтуруу, бай-манаптык жашоосун, балдарынын жыргал турмушун гана ойлогон, төбө чачты тик тургузган иштерине элибиз деле күбө болушуп калды го. Ушундай колу туткактардын айынан элибиз азыркы күндө ачык эле бай-кедей болуп бөлүнүп, республикабыздын экономикасы итке минип калганы эч кимге жашыруун деле эмес.

Ар кандай кен байлыктарга ээлик кылуудан мурда, эреже боюнча конкурс өткөрүлөт эмеспи. Көрсө, буга деле ишенип болбойт экен. Ар бир ОсООлор, фирмалар социалдык пакеттер менен менен конкурстарга катышат. Ал эми конкурска катышкан фирмалар, ошол кен байлык кайсы айыл өкмөтүндө жайгашса, ошол жерге ар кандай социалдык пакеттерди куруп берүүгө макул болушат. Жалил Атамбаевдин фирмасы да конкурска катышып, Майдан айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын көңүлүн алыш үчүн 200 млн. сомдук социалдык пакеттерди аткарабыз деп сөз бере салышкан. Чындыгында элдин айтымына караганда Жалил мырза элди алдап кетти дегенге ишенсе болот. Ага желдин оозу гана кеткенин Майдан айыл өкмөтүнүн жашоочулары жакшы билишет. Бул Алдар Көсөлөр айылдагы балдар бакчасын косметикалык түрдө шыбап коюшуп, биз элге жардам кылдык дешип, эптеп чампалап коюшканын айтып жүрүшөт. Албетте, айыл жергесиндеги жөнөкөй адамдар өз укуктарын коргоону көп учурда билишпейт. Андай кезде, элдин өз укуктарын билбеген учурунан пайдаланып, мыйзамдуулук жок жерде бардык кызыкчылык Атамбаев үчүн гана иштелет эмеспи. Жалил Атамбаевди байдын кызындай мактаган айыл өкмөт башчысы менен айылдык кеңештин төрагасынын элге мактанарлык иши жок, беттери кызарып жердештеринин жүзүн карай албай, өз айылдаштарынан качып жүрүшкөндөрү маалым.

Кандай гана кенди өздөштүрүү иштери башталар алдында конкурска катышкан фирмалардын техникалык жактан мүмкүнчүлүктөрүн дыкат карап чыгышат. Башка фирмаларга караганда Атамбаев өзүнө караштуу 35 даана ХАО жүк ташуучу машиналары, кенди иштетүү эксковатору, подгрузчик, бульдозери менен кошо конкурска катышат. Бул жерде да “арамза” Атамбаевдин былыгы кийин гана ачыкка чыгып, «афёралык» иши көрүнүп отурат. Негизинен “Бел-Алма” көмүр кенин иштетүү үчүн конкурска үч гана фирма катышканы маалым. Анын ичинен, эгиздин түгөйүндөй болгон Жалил Атамбаевдин эки фирмасы катышып жатканын карапайым элдин эч кимиси алгач билбейт. Көрсө, мындай афераны Зилалиев менен Атамбаев гана билчү экен. Өзүнүн аферасы менен белгилүү болуп калган Ж. Атамбаевдин “Жаңы Доор” фирмасын Майдан айыл өкмөтүнүн тургундары анчейин жактыра беришпейт болчу. Анткени, андай мамиле кылууга Жалил Атамбаевдин өзү себепчи болуптур. Башта эле элди алдап, айткан сөздөрүн жасашпай ишенимден чыгып калышкан фирма экен. Алар Зилалиевди эл тарап болуп берет, элдин каарына калган “Жаңы Доор” фирмасын бул конкурска катыштырбай коёт деп арамдыкты, куйтулукту билбеген айылдын карапайым адамдары бул чиновникке ишенишкен болчу. Ошол кезде Зилалиев менен Атамбаев бул аферанын “киндиктеш” авторлору экенин карапайым эл кайдан билишсин? Чынында Зилалиев башында туруп, өтө кылдат даярдыкта уюшулган кылмыш иши болчу… Өтүүчү конкурсту да атайын Бишкекте өткөрүп жаткандарынын сыры кийин гана билинип отурат. Биринчиден, көмүр кени жайгашкан Майдан айылынан өтө эле алыс болчу. Миң чакырымдай алыстагы Майдан айылынын жалпы тургундары бул конкурска катыша да албай турганы айдан ачык белгилүү болчу. Эгерде эксперттердин айткандарына караганда, ушул эле конкурс Майдан айылында өткөндө Жалил Атамбаевдин фирмасы эч качан жеңип чыкмак эмес дешет. Бул конкурска “дирижерлук” кылган Зилалиев атайын сүйлөшүлүп, алакандар жылыгандан кийин Атамбаевдин фирмасы утуш үчүн Бишкекте өткөрүп жатканы алдын ала максаттуу түрдө уюшулган “кылымдын аферасы” эле. Бул алдын ала ойлонуштурулган арам ойлуу кадам болгон.

Конкурстун өтүүчү процедурасы ушул жерден бузулган эле… Анткени, конкурс Майдан айыл өкмөтүндө эмес, Бишкекте өтүп жатпайбы! Биринчиден, Кадамжай районунан бул жакка чейин, жол алыс болгондуктан Майдан айыл өкмөтүнүн жашоочуларын Бишкекте өткөн конкурска алып келүү мүмкүн эмес болчу. Жашоосу жупуну, ар бир сомду үнөмдөп жашап жаткан карапайым адамдын Бишкекке келип кетүүсү кыйын болмок. Атамбаев менен Зилалиев бул кадамды да эске алышы мүмкүн эле. Эч ким, ушунча алыс жерге алып келе да алмак эмес. Экинчиден, конкурс ошол көмүр кени чыккан жерде өтүшү керек эле. Андай болгон жок. Майдан айылында Атамбаевдин фирмасы өтпөсүн билип, башта сүйлөшкөндөй Бишкектен өткөргөндөрү да өз максаттарына жетүүнүн биринчи планы болгон. Эки тарап тең, өз тарапкерлерин кызыкчылыктары үчүн Баткен облусунан, өзгөчө Майдан айыл өкмөтүнүн тургундарын Бишкекке ташып келишип, кымбат мейманканаларга жаткырып, үч маал ысык тамактарынан бери уюштурушуп, чөнтөк пулдарынан беришип, аталык камкордукка алышат. “Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет!” – деген ушул эмеспи. Ансыз болчу беле… Кен байлык талашы кара жерге кирсин! Ошентип, кен талашкан “көпөстөр” бир атанын балдары, тамыры бир, түбү бир, барса базары, өлсө мазары бир айылдаштарды арам акчалары менен экиге бөлүп салышты. Бир айылдын адамдары эки фирманын колундагы саясый кол жолугу, оюнчугуна айланды.

Жалил Атамбаевдин “афёрасы”

Ал мындайча болуптур…

Акчасы бар, амалдуу адамдардын алдында, айлыктан айлыкка тишинин кирин соруп жашаган, кызматтагы чиновник адамдар дайыма көз каранды болушат. Ошондуктан, алар акча жасаш үчүн кызматтык абалынан пайдаланып, коррупциялык иштерге атайылап барышат. Зилалиев да Атамбаевге окшогондордун акчаларын көргөндө, башынан селдеси учуп түшкөн молдодой тогуз томолонуп, анын “афёрасын” колдоп чыкканында болуп жатат. Конкурска “Жаңы Доор”, “Беш-Арча” (экөө тең Жалил Атамбаевдин фирмасы) анан азыркы күндө Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примовдун атасы Бердибай Примовдун фирмасы “Пери Тикол-Юг” да алардын арам иштеринен кабарлары жок, афёрасынан шек санашпай, ак дилден конкурска катышат. Алгач, бул конкурстун калыс өтөрүнөн Бердибай Примов да эч кандай шек санабайт. Анткени, Бердибай аксакал ошол эле Майдан айыл өкмөтүнүн жашоочуларына бекер, көмүр түшүрүп, башка дагы материалдык жардамдарын берип жүргөн экен. Жалил Атамбаев менен Зилалиевдердин арам ойлору туурасында Бердибай Примов менен баласы, Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примовдор кымындай да шек санашпай конкурска катышат.

Эл арасындагы кадыр-баркына ишенген Примов Майдан эли менен жолукканда: “Мен чыныгы көмүрчүмүн, ал эми Жалил Атамбаев көчөдө бензин, солярка сатып жүргөн, алып сатар «солярка пуруш»! Анын көмүр казуу боюнча түшүнүгү жок! Эч нерсе билбейт, ал мошенник…”- деп айткан сөзүн эл угуп, аксакалдын бетке айткан сөзүнө ыраазы болушкан дешет. Чынында Атамбаевди эл арасында “солярка пуруш” деп бекер жеринен айтышпаган болсо керек! Көмүр кени Майдан айыл өкмөтүнө караштуу болсо да Жалил Атамбаев Папан тараптан жол салып алган. Андан да көмүрдү текшерүүсү жок эле талкалап ташып жаткан Атамбаевдин фирмасына болгон “Жаңы Доорго” элдин жек көрүүсү, эски кеги бар болчу. Ал элге эч кандай жардам бербестен, айыл тургундарын тоготпой атасынан калган көмүр кениндей жапайы жолдор менен иштете берген. Анын ачкөздүгүнө элдин кыжыры кайнаган эле. “Жаңы Доор” фирмасы бул конкурстан өтпөйт деген толук ишеним да ошондон болсо керек. Эл ачык эле экиге бөлүнүп, “Жаңы Доорго” каршы турушат да, ортодон дагы деле Жалил Атамбаевдин башка бирөөгө каттаттырып койгон “жандоочу фирмасы” болгон “Беш-Арча” конкурстун жеңүүчүсү болуп чыга келет. Атамбаев ансыз деле Майдан айылындагылар жек көргөн “Жаңы Доор” фирмасын садагага чалып, “сүткор” чиновник Зилалиевдин таасири алдында өзүнүн жаңы фирмасын амалдуулук, эки жүздүүлүктүн өтө чеберчилиги менен, камырдан кылды сууругандай жеңүүчү катары алып чыгып кетет. Албетте, шылуундук менен конкурсту уюштурган Зилалиевдин бул иште “өтө чебер адис” экенинен кабар берет. Мындай көрүнүш анын буга чейин да шектүү иштерди өткөрүп жүргөнүнөн кабар берет дегендик эмеспи. Залда отурган, арамдыкты билбеген карапайым айыл адамдары “Биз Бердибай Примовго да, Жалил Атамбаевдин фирмасын “Бел-Алма” көмүр кенине жолотпой койдук. Жаңы адам, жаңы фирма өттү…”- дешип конкурс өткөн жерден баштарын бийик көтөрүшүп, жеңүүчү катары жыйын өткөн залдан чыгышат.

Алардын көкүрөгүнө батпаган бул кубанычы деле көпкө созулбады. Зилалиев менен Атамбаев карасанатайлык менен элди алдап кеткенин Майдан айылынан келген тургундар ошол учурда билишпей айылдарына кете беришет. Акыркы саатка чейин, карапайым эл эмес, көптү көргөн Бердибай Примовдун да “Бул конкурстан сөзсүз биз утабыз!”- деген ишеничи суу кечпей, жеңилгенине ыза болуп кала берет. Бул конкурс эмес эле, атайын уюштурулган афёралык, кылмыштуу иш эле. Зилалиев менен Атамбаев башында турган, дыкат уюштурган «афёра» экени кийин билинди.

Өткөндө ФРГнын мурунку президенти өз досунун банкынан пайызын төмөн түшүрүп кредит алганы билинип калып, өз элинен кечирим сурап кызматын таштап кетүүгө аргасыз болду. Жакында эле Түштүк Кореянын президенти жакын досуна айтып койгон сыр сөзү үчүн кызматтан кетти. Эмне үчүн демократиялык коом курабыз деп, жаңы коомдун босогосунда турган кезде ушул «афёралык» иштери үчүн Зилалиев менен Атамбаев кызматтарын таштап, мыйзам алдында жооп бербейт… Акыры биз өз билгенин кылган феодалдар менен бай манаптардын заманында жашап жаткан жокпуз да… Алмаз Шаршенович, сиз акыркы кезде биздин жашообузда терең тамырлап бараткан коррупция менен күрөшүп жатасыз, буга окшогон коррупционерлерге кандай мамиле кыларыңызды элиңиз күтүп турат… Албетте, сиз кара кылды как жарган президент боло алсаңыз, мен ошого ишенем…

Мафиоздун маскасын кимдер кийген?

Мындай «афёралык» иштерде жалгыз адам эч нерсе жасай албайт эмеспи. Алардын башын арам акчалар гана бириктирип, мафиоздук топ ишке ашырат. “Бел-Алма” көмүр кенинин айланасындагы конкурсту бул тармакта кызыкчылыктары бар мафиоздук топтун жең ичинен өткөрүп жатканын экинчи тарап убагында билген эмес. Баткен облусунун ошол кездеги губернатору Ж. Разаков, Кадамжай районунун акими А. Мадумаров, Майдан айылдык өкмөтүнүн башчысы Нурматов Алтынбек, айылдык кеңештин төрагасы М. Курмушуев, лицензия бере турган бөлүмдүн жетекчиси, тоо-кен комитетинин башчысы Топчубаевалар катышат.

«Бел-Алма» кени боюнча конкурсту өткөрүүдө өтө куулук менен уюшулган мафиоздук топ, элдин ырыскысы, байлыгы болгон көмүр-кенин “болочок кожоюндан” алчусун алып туруп гана цивилдүү жол менен уурдап берүүгө шарт түзүп берип отурат. Бекер жерден ушундай шектүү кадамга барышмак беле. Бир карасаң бардыгы мыйзамдын чегинен бир сантиметр ары жылбай иштеп жаткандай көрүнөт. Бир аз мезгил өткөндөн кийин гана ошол конкурстун жыйынтыгына таянып “Беш-Арча” фирмасына лицензия берүү бөлүмүнүн башчысы Р. Курмушуев, кадимки эле Жогорку Кеңештин депутаты Зулпукаровдун кара чечекей күйөө баласы болуп чыгууда. Билими боюнча юрист экен. Кантип эле, тоо-кен тармагы боюнча эч кандай адистиги, түшүнүгү жок адам бул тармактын тагдырын чечип, лицензия берип жатканына жол болсун дейсиң.Эски “менттер” Атамбаев, Разаков, Зулпукаровдун баштарын бириктирип турган, жок жерден акча кылуу гана го деп ойлоп кетесиң. Бүт айланабыз коррупцияга айланып баратат. Аны ким токтотот? Жалгыз гана президент Алмаз Атамбаевдин колунда турат. Биз президентке жардам беришибиз керек.

Атамбаев Жалил КСДПнын “кошёлогубу?”

Биз билгенден, ар бир партиянын өз “кошелогдору” болот.

Эл айтса, анда калп айтпайт… «Шамал болмоюн теректин башы эч качан кыймылдабайт» эмеспи. Президенттик, парламенттик шайлоо башталганда эле өзүнүн шектүү иштерин жабыш үчүн Жалил Атамбаев түштүк боюнча “КСДПнын чыгымын мен көтөрүп берейин?” деп суранып жүргөндөрүн айтып калышат. Ошон үчүн бийликтин партиясы болгон КСДПнын депутаттары анын мындай коррупциялык иштерине “бармак басты, көз кысты” кылып коюп жатышат. Ал эми Жалил мырзанын артында президенттин партиясы турганда кимиси анын мышыгын “пыш!” дей алмак эле. Мындайда салыкчылар, соцфонддун жетекчилери да ага тийише алышпайт го деген ой кетет. Анткени, “Бел-Арча” фирмасы бир күндө, жума, ай сайын, жыл тогошкондо канча тонна көмүр казып, сатканы боюнча жаап жашырылган, толук маалыматты салыкчы менен соцфонддун кызматкерлери толук деле билбесе керек. Өзбекстандын цемент заводуна, Аравандагы цемент заводго, Ош шаарындагы ТЭЦке, ооруканаларга, мектептерге сатылып кеткен көмүрлөрдүн чыныгы иш кагаздары жашырылып келгени айтылып да жүрөт. Бийликтин күчү, социалдык фондго, салыкка төлөбөй жашырып жүргөн, таза кирешеден түшкөн акчаларын ачыкка чыгарып, казынага миллиондогон акчаларды төлөттүрүп, коррупциялык иштердин бетин ачып, бийликтин ээси ким экенин көрсөтүп, бул жемкорлорго чөнтөк кактырып койсо башкача болмок. “Уурунун көчүгү кууш болот”- деп бекер жеринен айтышпаса керек. Өтө сак Жалил мырзанын буту чалынган жерлери көп эмеспи. Бул боюнча атайын кызматтын адамдары дыкат изилдеп чыгышы керек эле.

 

“Коррупционер” Жалил Атамбаев күчтүүбү же Кыргыз Республикасынын президентиби?

“Бел-Алма” кара алтын кенинин “көмүр падышасына” эч кандай мыйзамдын күчү жетпейт дешет. Карапайым эл дагы ушул сөзгө ишенип алгандай көрүнөт. Анткени, Жалил Атамбаев эл арасында райондук, шаардык, облустук, андан жогорку жактагы чиновниктерди сатып алып жүрүп ушундай пикир жаратып койгону бекер жеринен болбосо керек. Куйрук менен боорду сугунуп алгандай анын арам акчасын албаган чиновниктер жок калгандай көрүнөт. Баарын акча менен чечип жүрүп, элдин бийликке болгон чоң ишенимин жок кылып салыптыр. Аны ооздуктап, жегендерин мамлекеттин казынасына кустуруп, өзү мыйзам алдында жооп бериши керек. Чындыгында, Атамбаев Жалил өзүнчө мамлекет эмес да. Биздин бийликтин күчү Жалил Атамбаевге жетпесе коррупция менен күрөшүп жаткан Алмаз Атамбаевдин президент болуп отурушу, мамлекеттүүлүктүн кимге кереги бар? Урматтуу Алмаз Шаршенович, сиздин колдоруңузда эл арасында “коррупционер” аталган Жалил Атамбаевден аласа-бересиңиз жок болуп, элдин ырыскысы болгон акчаларды албасаңыз, бир силкинип албайсызбы? Ошондо гана сиздин артыңыздан сөз ээрчибейт… Элибиз айткандай “Ууру күчтүү болсо, ээсин доого жыгат!” болуп жүрбөсүн. Ушуга окшогон элдин, мамлекеттин байлыгына кол салган сүткорлорду жоопкерчиликке тарта албасаңыз анда “коррупция менен күрөшүп жатабыз!”- деген сөзүңүз суу кечпей калат. Элди эч качан алдабагыла, элдин кусуру уруп кетет! “Көмүрчү” Атамбаев ошончолук эле кол тийгис, мыйзамдын күчү жеткис ыйык адамга айланып кеткенби? Мен билгенден мыйзамдуулук баарынан жогору болушу керек эле.

Президент Алмаз Атамбаев коррупцияга байланыштуу өз сөзүндө:

“Биз иш жүзүндө “кол тийбес адамдардын” жок экендигин жана болбой тургандыгын далилдедик. Бул чаралардын бардыгы кыргызстандыктарда адилеттиктин ишенимин жана кылмыштуу көрүнүштү жоюу боюнча мамлекеттин мүмкүнчүлүгү бар экендигине ишеним жаратты”- деп айткан эле.

Мырза, президент! Жалил Атамбаев бир кезде Жаныш Бакиевдин “кошёлогу” болсо, бүгүн ошол адам КСДПнын “кошёлогу” болуп турса, кайдагы коррупция менен күрөшкөнүңүздөргө эл түшүнбөй жатат. Коррупционер Жалил Атамбаев, президент Атамбаев жасаган реформаларга көлөкөсүн түшүрүп жаткансыйт. Алмаз Шаршенович, сөздүн учугу сизде калды, анткени коррупция менен күрөшүп жатам деген президенттин сөзү эч качан мезгилдин чаң жолунда калбашы керек. Анткени, Алмаз Шаршенович, сиз президентсиз, кыргыз эли сизден коррупция менен күрөшүүдө ийгиликтерди күтөт… “Карга, карганын көзүн чокубайт!”-дечү беле. Ошондой болуп жүрбөсүн. Коррупционер Атамбаевди, президент Алмазбек Атамбаев жеңе алат бекен? Күтө туралы, баарын мезгил көрсөтөт эмеспи…

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: