Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы Талант Мамытов Ак үйдүн айланасындагы тосмону бузууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-ноябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров аны менен макул.
«Бул тосмо бизди коргогон жок. Канчалык өзүбүздү коргосок, эл арасындагы нааразычылык ошончолук көп болот. Мен тосмону бузууну сунуштайм», – деп билдирди Талант Мамытов.
Спикер кийинки жумадан баштап депутаттар комитеттерде жана фракцияларда иштей баштаса болот деп ишендирди.
Белгилей кетсек, бүгүн, 4-ноябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан КРнын Жогорку Кеңешинин жыйынында “Кыргызстан” фракциясынан ЖКнын депутаты Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ