Menu

Депутат Аида Исмаилова Жети-Өгүз районундагы алты айыл өкмөттүн көйгөйлөрүн укту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-октябрда Жогорку Кеӊештин депутаты Аида Исмаилова Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун алты айылынан келген жергиликтүү кеӊеш депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Эл өкүлүнө Жети-Өгүз, Ак-Кочкор, Желе-Дөбө, Чырак, Кабак, «Жети-Өгүз» курорту айылдарынын айылдык кеӊештеринин депутаттары келишкен.

Жолугушууда жергиликтүү кеӊеш депутаттары эӊ көйгөйлүү делген таза суу маселесин ортого салышты. Таза суу көйгөйү 2020-жылдын бюджетинин капиталдык салымдар беренеси менен курула турган обьектилердин тизмесине кирген. Бирок айылдыктар ичүүчү суу менен камсыздоо кандайдыр бир белгисиз себептер менен артка жылып кетпесин деп тынчсызданып, аны тездетүү жагын эл өкүлүнөн өтүнүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө аталган айылдардан бешөөнү бириктирүүчү Чырак-Кабак жолунун начар абалы дагы айтылып, эл өкүлүнөн «Ысык-Көл» өнүктүрүү фондунун эсебинен жасоого көмөктөшүүнү суранышты. Ошону менен катар ушул эле фонд аркылуу картошканы кайра иштетүүчү ишканаларды курдуруу сунуштары айтылды. Болбосо былтыркыдан беш-бетер картошка айдаган дыйкандардын эмгектери талаага кетип жатышканын жетиөгүздүктөр бөтөнчө баса белгилешти.

Айрым жерлерге суу тартыш болуп жатса, аталган Кабак айылында жер алдынан көтөрүлгөн суу жергиликтүү тургундарды өзүнчө бир түйшүккө салып келет. Муну менен удаа эле айыл депутаттары жайыт тартыштыгын дагы эл өкүлүнүн астына коюшту.

Айыл жериндеги көйгөйлөрдү уккан депутат Аида Исамилова тизмектелген маселелердин бир тобун жеринен барып көрүп келгенин, алар боюнча Өкмөткө суроо-талаптарды коюп, жооп күтүп жатканын айтты. Ал эми калган маселелерге иликтөө жүргүзүп, тиешелүү министрликтер менен иш алпарарын, кандайдыр бир натыйжа чыкканда Жети-Өгүздөгү шайлоочуларга барып маалымат берүүгө убада кылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: