Жакындан бери Транспорттун катталгандыгы тууралуу жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр бериле баштады. Мамлекеттик каттоо кызматы автоунааны кантип эки кишиге каттатуунун жолун айтты.
Транспортту каттоо боюнча жаңы күбөлүктө «энчилеш ээси» деген графа болбойт. «Унаа» мамлекеттик ишканасы жалпы ЖМКнын жардамы менен элге автоунааны эки кишиге каттатса боло турганы боюнча маалымат тарата баштады. «Энчилеш ээси» деген графа эски күбөлүктөрдө болгон, эми жаңы үлгүдөгү документте андай болбойт. Эми эки адамга тиешелүү машинаны экинчисинин макулдугу жок эч ким сата албайт. Бул боюнча пикир келишпестик жаралса, чекитти сот коёт.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ