Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.
КР Жогорку Кеңеши бул мыйзамды 2016-жылдын 16-мартында кабыл алган.
Камакка алуу жайларында экстремисттик багыттагы үгүт иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн азайтуу үчүн экстремисттик жана террористтик кылмыштар үчүн абакка кесилгендерди бөлүп кармоону камсыз кылуу – бул мыйзамдын максаты.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ