Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоону күчөтүүнү тапшырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн күч түзүмдөрүнө Баткен облусунда болуп өткөн окуяга байланыштуу кыргыз-тажик тилкесинде мамлекеттик чек араны кайтарууну жана коргоону күчөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Укук коргоо органдарына аймакты туруктуу кайтаруу жүргүзүү жана чектеш аймактардагы жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана окуянын чыңалышына жол бербөө үчүн чаралардын бардык топтомун ишке ашыруу тапшырылды.

Муну менен катар Өкмөт башчы кырдаалды тез арада жөнгө салууyну жана чыңалууну толук жоюу үчүн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковго эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын, ошондой эле облус жетекчилеринин ортосундагы сүйлөшүү процессин күчөтүүнү тапшырды.

Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча ишти илгерилетүүгө чейин кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбоо жана кырдаалдын курчушуна алып келбөө үчүн  чараларды кабыл алуу керектигин өзгөчө баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: