“Чубактын кунундай созулган» чуу жакын арада басылчудай эмес. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун «AKИpress» маалымат агенттигине берген маеги кырдаалга жаңы боекторду кошту. Эмесе, кеп ырааты менен болсун.
Бишкек мэри тагдырына кантип ыраазы болду?
Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы Максим Бакиевдин фирмасына таандык 2,7 гектар жердин Алмазбек Атамбаевдин менчигине кантип өтүп калгандыгын, ал жерде кандай хансарай куруп жаткандыгы туурасындагы тастыкталган маалыматтардын, массалык-маалымат каражаттары аркылуу байма-бай жарыяланып жаткандыгына карабай, КР президентинин көзүнүн кареги менен тең айланган Башпрокуратура текшерүүдөн кийин жогорудагы фактыларды жокко чыгарууга аракет кылып жатканы кызык. Чынында баары тастыкталган факт. Башпрокуратура аны «жок» деп айтышы мүмкүн эмес, бул факт. Максим Бакиев ээлик кылган 2,7 гектар жер 2008-жылдын 24-декабрында ошол эле Максим Бакиевдин, Д.Гладышев жетектеген «ДизайнАрхСтрой” ЖЧК фирмасына 26 млн. 404 мин, 700 сомго сатылган. Бул объект 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциядан кийин кайрадан улутгаштырылып, «Дастан» корпорациясына, демек, мамлекетке кайтарылган. Андан соң аталган объект 2012-жылы 12-апрелинде «Дастан» корпорациясынын жетекчиси Албек Ибраимов тарабынан өзүнүн жакын таанышы Анарбек Укуевке 22 млн. 537 миң 900 сомго сатып жиберет. 2015-жылдын 8-майында арадан үч жыл өткөрүп, А.Укуев мэрдин аялы – Айнура Ибраимовага 24 миллион сомго соодалайт. Айнура Ибраимова 2015-жылдын 11-май күнү Алмазбек Атамбаевге 33 миллион сомго сатат. Бул сатып-алуу келишимине негизделген фактыны танууга аракет кылгандар таң калтырат. Бул талашсыз тастакталган факты, эч ким таналбайт. Болгону биздин баамыбызда КР Башпрокуратурасы «президентке өзгөчө жагынабыз» деп кээ бир жагдайларга көңүл бурбай калгандай же көңүл бургусу келген эмес. Тактап айтканда, КР Граждандык кодексинде сделканын (бүтүмдүн) «Мнимый» (жалган) жана «Притворный» (анткор) түшүнүктөрү бар. Ал келишим боюнча тигил же бул объект чыныгы ээсин ортодогу 1-2 адам аркылуу «жалган» жана «анткор» бүтүмдөрдүн негизинде гана куулук менен табат. Чыгаан саясатчылар жана адистер бул келишимди дал ушундай баалашат жана чечмелеп келишет.
Өткөндө маалымат каражаттарына берген пресс-конференциясында «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин журналисттердин берген суроолоруна жооп берип жатып, «Албек Ибраимов Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамы, баласынан да жакын!» деп айтканын Албек Ибраимов «AKИpress» маалымат агентгигине берген маегинде далилдеп салды. Ал мындай дейт: «Бизди 20 жылдык достук мамиле байланыштырат. Мен чынында ага «жакшы иш кылайын» дегем. Бирок, адаттагыдай эле ашмалтайы чыгып калды. Президентти уят кылдым, «подставит» этим койдум. Эми кимди күнөөлөйм? Бир гана өзүмдү. Баарын иликтеп, тактап иш кылсак болмок экен» деп мойнуна алып жатат.
Андан ары Албек Ибраимов өзүнүн президентке жакындыгын тереңдетип, буларды кошумчалаган: «Мени тагдыр Алмазбек Шаршенович менен жолуктурганына кубанычтамын. Бизди бир тууган деп койсо да болот. Ал мага абдан жакын адам. Ал мага өмүр бою жардам берген, колдогон жана жадагалса мезгил-мезгили менен финансылык жардам да көрсөтүп турган” деп айтып, президент менен болгон эң жакын мамилесин жашырган жок.
Бакиевдер даярдаган 12 «торпеда» жана бактысы жанган «кадр»
2010-жылдын 7-апрелдеги революция болору менен Атамбаев иниси Ибраимовду Бишкек эркин экономикалык аймагына (ЭЭА) генералдык директор кылып дайындаган. Муну Албек Ибраимов «AKИpressтеги» маегинде минтип далилдейт: «Мен ал жерде 10 ай иштедим. Жакшы иштедим… Бирок 10 айдан кийин мен Алмазбек Шаршеновичке келип, «бул иш мага жакпайт» деп айттым» дейт. «Жакындарын», «туугандарын» бийликке келгенде унутпаган Атамбаев аны дүйнөдөгү эң ири аскер заводу болгон «ТУК Дастанга» башкармалыктын төрагасы кылып дайындаганы туурасындагы маалыматты баары билет. Ошол мезгилде аткарган иштери жөнүндө Албек Ибраимов жогоруда айтылган маегинде мактанып, «2011-жылы өндүрүштүн көлөмү 400 миллион сом болгон экен, мен аны 1 млрд. 600 миллион сомго чейин көтөрдүм. Ошондой эле биринчи жолу мамлекетке 53 миллион сом дивиденд төлөдүк. 200 млн. айлык акы жана 125 миллион сом салыктарды төлөп бердик» дейт. Маектешип жаткан журналист мындай ийгиликтерге кантип жетишкендигип сураганда, себептерин мындай түшүндүргөн: «Мен келгенге чейин Бакиевдер Индия менен 12 боевой торпеда жасаганга контракт түзүп койгон экен. Мен келгенде ал торпедалар 90 пайыз даяр болуптур. Жетпей турган деталын коюп, торпедаларды индиялыктарга сатып, 16 миллион доллар акча алдык». Ошентип, ал «жасадык» деп сатып, пайда тапкан каражат, бакиевдердин тушунда түзүлгөн контрактын негизинде келип түшкөн акча экен. Андан ары Албек Ибраимов: «Андан башка заказ жок болуп, иш да жок болуп калды. Эмне кылабыз? Мен «Дастан» заводунун аймагына көп кабаттуу үйлөрдү куруп, сатайын дедим. Бирок, парламент чуу чыгарып, аны курдурбай койду» дейт. Айтмакчы, Максим Бакиевдин дагы «…заводдун Бишкектин аймагында жайгашкан жеринин бир бөлүгүнө элиталык үй салып сатып, пайдага туйтунам» деген планы болгон. Мунун да так ошол Максимдин схемасын улантуу ой-тилеги таш каап, парламент ага жол берген эмес. Жыйынтыгында, даярына тап болгон Албек Ибраимов заказы жок, натыйжада, иши жок кол куушуруп отуруп берген. «Ошондуктан бул кызматтан кетүүнү чечтим» дейт «АКИпресстеги» маегинде А.Ибраимов.
7-кабатка жакпаган чиновник, «Манастагы» чуулган, жер тилкелер…
Ошентип, бакиевдердин 12 торпедасын индиялыктарга сатууга араң жараган Ибраимовду президент Атамбаев эң жакын адамы катары, өзүнүн аппарат жетекчисинин орун басары кылып алып келет. Ал кызматта иштеп турган учурунда эмнелерди жасагандыгын аталган маегинде айтып келип, төмөнкүлөрдү кошумчалаган: «Мен келгенде «Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясы» иштелип жаткан экен. Мен дагы анын иштелишине кол-кабыш кылдым. Программада «Жумгалга теплица курабыз» деген сунуш бар болчу. Бул сунуш практикалык жактан пайдалуу эмес экендигин айтып, алдырып таштадым. Ошентип, мен ал жакта болгону 7 ай иштедим. Көп чыдай алган жокмун. Чынын айтайын, Акүйгө аралашып кете албадым. 7-кабат бүтүндөй интрига экен. Мен бул чоң кызматтан кетүүнү чечтим, бул чиновниктик иш мен үчүн эмес тура. Бир жолу президентке түз эле кирип, «Бул жерде калалбайм, бул иш мен үчүн эмес экен» деп айттым. Аида Алмазбек Шаршенович мага «Манас» аэропортуна жетекчилик кызматты сунуштады» дейт маегинде.
Албек Ибраимов аэропортто да чуулгандуу иштерге аралашып, коллективдин нааразылыгына дуушар болгон. Аэропорттун коллективи нааразылыгын митинг аркылуу билдирип, «Албек Ибраимовду кызматтан алып кеткиле!” деген талаптар менен президентке, өкмөткө, алар укпаган соң коомчулукка байма-бай кайрылып турушту. Ал жакындарынын бирин жардамчы кылып алып, өкмөт башчысынан да жогору айлык койгону «Манас» аэропортунун жалпы жамаатынын жана элдин кыжырын келтирген.
Кезегинде «Ата Мекен» фракциясы Ибраимовду мамлекеттин мүлкүн арзанга сатып, жеке адамдардан буюмдарды кымбат сатып алганы менен белгилүү адам катары баалады. Бул жерде «ал 3-5 миллион долларга сатып алып, жасоого мүмкүн болгон жүктөрдү тейлөөчү жана борт питания даярдоочу борборду, 12,5 миллион долларга сатып алып, мамлекеттик ишканага зыян келтирди» деп айтып чыкты «Ата Мекен» фракциясы. Жогоруда айтылып жаткан интервьюсунда Албек кайра актанды. Маектеги кезектеги айткандары буга далил: «Биз сатып алууларды Маммүлк фонду, вице-премьер, премьер-министр жана президент менен кагаз жүзүндө макулдаштык». Бул президентти өз компетенциясынан, Конституцияда көрсөтүлгөн чектен чыгып, административдик-чарба иштерине чейин аралашкандыгын көргөзөт. Каалаган адамын директорлукка дайындап, каалаган чарба операцияларына аралашып сатып алуу же сатып албоо сыяктуу майда-барат маселелеринен бери президент түз кирише турганын Ибраимов ушул интервьюсу аркылуу ачыкка чыгарды, кыскасы, «Боссун» абдан «крупный масштабда подставит» этти.
60 жаш, карайлаган мэр, адашкан айлар
Албек Ибраимов маегинде Кой-Таштагы чуулгандуу 2,7 гектардагы комплекс жөнүндө: «2015-жылдын аягында Алмазбек Шаршенович менен сүйлөшүп калдым. Ал айтты: «Мен 60ка чыгып жатам. Өзүмдүн туулуп өскөн айылымда жер болсо, үй курайын деген оюм бар эле. Эгер өлсөм өзүмдүн айылыма сөөгүмдү коюшса, деген кыялым бар» деди. Мен дароо эле ылайыкгуу участок бар экенин, эгер ага жакса, аны сатып алса болорун айттым. Участок президентке жагып, аны бизден сатып алып, ал жерге үй салды».
Жогоруда кеп 2015-жылдын аягы жөнүндө болду. А бирок бүтүндөй сатуу-алуу кагаздарында президент 2015-жылдын аягында эмес, 2015-жылдын 11-майында ал жерди сатып алгандыгы айдан ачык жазылып турбайбы. Ошентип, Бишкек мэри «актанам» деп отуруп, өзүн гана эмес, агасындай болуп калган президент Атамбаевдин дагы абийирин айрандай төгүп алды.
Ошентип, Ибраимов аялы аркылуу Атамбаевге жер сатып, андан 9 миллион сом пайда көрдү. «Бир тууганчигине» кымбат сатканын Албек Ибраимов «…аялыма участок абдан жагып, ал жерге медициналык борбор, кымыз менен дарылоочу жай уюштурсакпы деп, ири суммадагы каражат жумшап, пайдубалын түптөп, дубалын көтөрүп салдык. Бирок каражатыбыз түгөнүп, участокту саталы деп чечтик» дейт маегинде. Эң кызыгы, Анарбек Укуев 2015-жылдын 8-майында Албек Ибраимовдун аялы Айнура Ибраимовага 24 млн. сомго сатат. Айнура Ибраимова арадан 3-4 күн өткөрүп, 2015-жылдын 11 -майында Алмазбек Атамбавге 33 миллион сомго сатып жиберет. Үч күндө миллиондогон каражаттарды сарптоо, заңгыраган «борбордун» пайдубалын куюп, дубалын көтөрүү физикалык жактан мүмкүн эмес, логика кайда? Мына ушунун баары Албек Ибраимовдун жалган айтып жатканын, участок Анарбек Укуевге «подставное лицо» катары катталып, иш жүзүндө кожоюн Албек Ибраимов экендигин далилдейт. Демек, «борбордун» курулушу эчак эле башталган.
Кудайберген ЖУМАБАЕВ
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ