“Менин 8 жылдан бери ишим жок. Колумдан эч нерсе келбейт. Эч нерсе менин колумдан келбейт! Жанагы апрелде жабырлануучуларга айттым, мага кайрылып эмне кыласыңар? Менин колумдан эч нерсе келбейт. Адвокат болуп бериңиз дешет, менин адвокат болгонго да укугум жок. Анткени мен Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгом, мыйзам боюнча адвокат боло албайм”, – деп билдирди бүгүн, 10-июлда Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, төңкөрүшчү Азимбек Бекназаров.
“Анда жок дегенде журналисттер аркылуу элге айтып коюңуз, КТР аркылуу дешет. Ой ,КТР мени 2001-жылдан бери чыгарбайт. Азыр да чыгарбайт КТР. Жинди эмес да КТРде иштегендер Бекназаровду элге чыгаргандай”, – деди Азимбек Бекназаров.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ