ЖККУ мамлекеттери уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймактарында жашыруун иш алып барып жаткан террористтик уячалардын ишмердүүлүктөрүн аныктоо жана токтотуу боюнча жигердүү иштеп жатышат. Бул тууралуу ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа билдиргенин РИА Новости кабарлады.
“Биздин өлкөлөрдүн коопсуздук органдары террористтик уячаларды жана террорчулардын көмүскө топторун аныктап жатышат. Чет жактардагы кагылышууларга катышып келгендердин же биздин өлкөлөрдө террористтик ишмердүүлүктөрдү жүргүзүп жаткан адамдардын байма-бай кармалып, камакка алынып жатканы белгилүү”, — деп Бордюжа.
Анын белгилешинче, азырынча террорчулардын бул сыяктуу уячаларынын иши жанданды деп айтууга болбойт. ЖККУга мүчө мамлекеттер андай коркунучтардын алдын алуу боюнча «жигердүү иштеп жатышат» деп кошумчалады Бордюжа.
ЖККУ КМШга мүчө өлкөлөр тарабынан 1992-жылдын 15-майында кол коюлган Жамааттык коопсуздук тууралуу келишимдин негизинде түзүлгөн. Ага Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. Өзбекстан уюмдагы ишмердүүлүгүн токтоткондугу тууралуу 2012-жылы июндун аягында жарыялаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ