Menu

Тажикстанда күмүш кенин иштетүүдөгү айрым шарттар белгилүү болду

Бөлүшүү:

Тажик бийлиги Мургаб районундагы «Якчилва» күмүш кенин кытайлыктарга иштетүү үчүн берип, бирок келишимдин шарттарын толук айткан эмес. Бул арада «Эркин Европанын» тажик кызматына кол коюлган келишимдин көчүрмөсү тийди.

Документке ылайык, кытайлык «Кашн Синьюи Дади Майнинг Инвестмент» компаниясы 2037-жылга чейин күмүш казууга уруксат алган. Буга чейин тажик өкмөтү парламент жыйынында 7 жылдык мөөнөт жөнүндө гана сөз кылган.

2019-жылы 1-октябрда тажик парламентинин төмөнкү палатасы күмүш кенин кытай инвесторлоруна берүүгө макул болгон.

«Якчилва» кениндеги күмүштүн кору боюнча ар түрдүү маалымат бар. Парламенттик талкууда кендин запасы 113 тонна деп бааланса, айрым басылмалар Геология башкармалагына таянуу менен 205 тонна күмүш бар экенин жазып чыгышкан. Жергиликтүү бийлик болсо «Якчилвада» 414 тонна күмүш бар деп эсептейт. Келишимде болсо бул тууралуу маалымат жок.

Келишим боюнча инвестор алгачкы үч жылда жумуш орундарынын 40% тажикстандыктар, 60% чет өлкөлүк адистер менен толуктайт. Үч жылдан кийин жергиликтүү персоналдар 80% чет өлкөлүктөр 20% пайызын түзүшү керек. Учурда кенде 106 киши иштөөдө, алардын ичинен 70и Кытай, 36сы Тажикстан жараны.

Буга чейин кытайлык компания жумушчулардын орточо айлык акысы 260 доллардан ашарын маалымдаган. Бирок айрым булактар бул убактылуу жумуш экенин, кен өтө бийик жерде жайгашкандыктан, кыш мезгилинде иштөө мүмкүн эмес экенин белгилешүүдө.

Тажикстанда алтын кендеринин 80 пайызын тажик-кытай биргелешкен компаниялары иштетет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: