Menu

Айыл чарба адистерине “нөл” деген баа бериш керек

Бөлүшүү:

Быйыл Ысык-Көлдө дыйкан талаага айдаган түшүмүнөн жакшы пайда таба албай калды. Картошканын баасы былтыр бул учурда 13-15 сом бодсо, азыр 6 сомдон аша элек. Көп дыйкандар «күйүп кеттик» деп башын мыкчып олтурат. Сактоочу жайы барлар «экинчи нанды» ал жерге салып коюп, алдыдан үмүттөнүүдө.

Ошондой эле, быйыл сарымсактын баасы дагы дыйкандарды сары ооруга салууда. 31 жылдан бери дыйкандардан сарымсак алып, чет элдик керектөөчүлөргө сатып иштеген Осмонова Бурулкан дыйкандардан келишим баада алып, Россиядан, Казакстандан келген кардарларга сатарын айтат.

«Азыр көлдүн сарымсагын Россия көп алып жатат. 3-4 жылдан бери Москва, Краснодар, Ростов, Челябинск, Сургут жана башка шаарларына кетүүдө. Бизде чеснокту бирдей температурада сактагандай жай жок. Өкмөт ошондой жай уюштуруп, кабыл алуу пункттарын ачса, ошолордо иштеп берет элек. Алар жакшы бааны коюп, иш орундарын уюштурса кана? Биз болсо бааны өйдө коюп, талап кыла албайбыз. Жок дегенде 1000 тонналык жай босо, ал жерден элдин товарын алып, жумушчуларга айлык төлөп берсе, 3-4 сортко бөлүп, анан жакшы сорттоп, жакшы баа коюп, четке сатуу зарыл. Бир эле чеснокко эмес, картошка, буудай, беденин уругуна ушундай иштерди уюштурса болотт. Азыр интернет аркылуу кайда канча баада экенин чыгарса болот да. Сапаттуу товар ар убакта баа болот, ошондо гана башка мамлекеттер алат. Бул базарда мага окшогон 40тай киши бар. Ар ким өзү жанталашмай. Иш чаржайыт. Кол менен сарымсакты сорттоого үлгүрө албай жатабыз. Маселен, жөн эле капка сарымсак салып берген адамдын акысы үчүн бир кабына 20 сом алат. Бирок, ал жакшы сорттолбойт.

Экинчи көйгөй, биздин дыйкандарга чеснок эле болсо болду, сапатка караган эч ким жок. Кытайдын товарындай кылып жакшы сорттоп салып, өткөрсөк болмок. Элге да жакшы болоор эле. Сапаты боюнча көлдүн чесногу өтө жогору бааланган. Бельгиядан көзкарандысыз эксперттер келип, биздин чесноктун сапатын эл аралык стандартка туура келет деп жогору баа берип кетишкен. Биз деле башка мамлекетке барганда, алардын сарымсагын жеп көрүп атабыз, биз-дикиндей эмес.

Мурда сарымсак аз кезде чет элдиктер аны кымбат алып жатышкан. Азыр ал көп болуп кетти. Колубуздан келишинче алардын талабына ылайык даярдайбыз. Диаметри 3 см, анан 7 см деп алат. Бир келген киши 22 тоннага чейин алып кетет. Каракол базарына күнүнө 5-7 тоннадан сарымсак кирет, кайра ошончо чыгат. Сорттолгондон калганы калат. Жарабагандарын цехтерди ачып, сатса болот да. Кытайдагыдай порошок жасалса сонун болбойбу. Бизде арзыбаган баага колбаса цехтерге кетет. Көп чесноктун кабыгы жаман, ичи таза.

Четки базарларда чеснок жок болсо баалар көтөрүлөт. Былтыр ушу мезгилде 80-90 сомго чыккан. Баа 120 сомго чейин чыгып, кайра эч ким талап кылбай, кайра артка кеткен. Быйыл эң эле кымбат чеснок 30 сом. Баа 5 сомдон башталат.

Токмоктоң сарымсакка арналган 9 операция аткарган италиялык аппарат көрдүм. Ал чеснокту тиккенден баштап сорттогонго чейин иш жасайт экен. Бизде баары кол менен болуп жатпайбы. Ар бир айыл өкмөттө ошондой буюм болсо кана?

Биз бул жерде чеснок сатып эле олтурбай, жакшы сортторду алып келип, жайылтабыз. Быйыл чесноктун сырткы түсү жок. Балким, аба ырайынандыр. Азыр агрономдор жок, жер бузулду. Жердин анализин чыгарган киши жок, элдин чесноктору ооруп жатат. Айыл чарба министрлиги тарабынан жер изилденип, дары алынып келиши керек. Алар адистерди жөнөтүп, кайсы жерге кайсы минералдык жер семирткич керектигин изилдеши керек эле. Бир жерге селитра, бир жерге хлорофордуу жер семирткич керек. Эл билбей эле бири-биринен угуп минералдык жер семирткичтерди сала берип, жердин баары ууланды. Керексиз заттарды салып атып, жер ооруду. Ошон үчүн жашылча-жемиштин баары ооруп жатат. Айыл чарба министрлиги эмне иш менен алек? Айыл чарба адистерине «нөл» деген баа бериш керек. Аларга картаны алып чыгып, сурасаң, кайсы жерде кандай топурак, кайсы жерге эмне эгилгенин билбейт. Облуста лабораториялар уюштурулушу керек эле. Биздин алма, чеснок эмнеге ооруп жатканы изилдениши кажет»,-дейт.

Ошентип, мурдагы тарых мугалими дыйкандардын ишинс Өкмөт аралашпаса болбойт деген оюн айтып, айыл чарба министрлигинин адистерине «нөл» деген баа берди.

Жумагүл Барктабасова

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: