Menu

Астана кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөлдү алат

Бөлүшүү:

Астана кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөлдү 26-октябрда алышы ыктымал. Бул тууралуу Ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик инспекциянын төрага орунбасары Амангелди Исаев билдирди.

Анын айтуусунда, Кыргызстан тийиштүү талаптарды аткаруу боюнча бүт аракеттерди жасады. Бул маселе 27-октябрда Минскиде Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынында да көтөрүлөт.

«Көзөмөлдү алуу маселесинин создуктурулушун базардагы атаандаштыктан улам жасалууда деп айтууга болот. Келишим боюнча чек арадагы фитосанитардык көзөмөл бекеттери Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болору менен алынышы керек болчу», – деди Исаев.

Быйыл 4-октябрда Евразия экономикалык комиссиясы 10 күн ичинде фитосанитардык көзөмөл бекеттерин алуу маселесин карап чыгууну казак өкмөтүнө сунуштаган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: