Menu

Аскар Салымбековдун илдети коркунучтуу…

Бөлүшүү:

Бизде чоң саясаттын “С” тамгасын жакшы түшүнө бербеген, бирок ар бир келген бийликке кол жоолук болуп, бизнесин коргоп олтурган бир көпөс миллионер Аскар Салымбеков деген байкебиз бар. Билсеңер тээ илгери бийликте турган “Ак жол” партиясы менен ЖКга депутат болуп келип, “Каркыра” өңдүү кайран жерлерибизди сатканга көмөктөшкөндөрдүн бири эмеспи. Камчысы катуу Бакиев кланына жагынып, миллиондорун сапырып, алардын аркаларын тазалап жүргөнү эч кимге деле жашыруун эмес. Эми болсо СДПК партиясын эш тутуп Атамбаевдин тилин таап алганын карачы. Эч бир саясий деңгээли жок бир тууган инилерин ушул партия менен Бишкек шаардык кеңешке түртүп келет. Албетте буга ич тардык деле жок. Болгону ушунун баары эл, жер үчүн болсо жакшы эмеспи. Тескерисинче жеке кызыкчылык болуп жатпайбы. Карапайымдардын капчыгын соргон “базар” бизнестерин эптеп коргоонун амалы кылып жүргөнү көрүнө баштады. Муну айтпайын дедик эле, айтууга өзү аргасыз кылып олтурат. Миллионер болсо өзүнө. Анткен менен анын акчасына азгырылгандар аз эмес экен. Айтсак, кечээ жаңы жыл алдында батыштын саясатын колдогон “Азаттык” радиосунда анын интервьюсу чыгыптыр, анда кайран киши журналисттерден ушунчалык көөнү калганын, басылмаларда эмгектенгендер, “Жыл мыктысы” – деген наамды акчага соодалап жатышып, баркын кетиргендигин баса белгилейт. Болбосо Аскарды “Аскар” кылган ушул эле басылмалар экенин унутта калтырса керек. Шералы сымал. Кызыгы ошол интервьюну алган журналист мырза бир кездери гезитте эле иштеп жүрүп аталган үналгыга кабарчы болуп барган. Демек, бул ичкен кудугуна түкүрүү эмеспи. Айтарыбыз 2015-жылы биздин гезит Ас­кар Салымбековго аталган наамды эч тыйыны жок эле бекер бергенбиз. Мына бул көпөс байкебиздин оюнда бардыгы акчага сатылса керек. Эми биринчи кезекте соодагер эмеспи, анын негиздеген “Дордой” базарын кимдер гана билбейт. Бирок, таңгөрүнүкү андагы жагдай көпчүлүктүн көөнүнө толбой, башаламан “бардак”. Көрсө тыйынын санаган Салымбековдордун көзүнө бир гана акча көрүнүп калган тура. Бул илдет өтө коркунучтуу. Кудай сактасын, эгер жаза тайып Аскар мырза бийликтин таасирлүү күчүнө айланса, Кыргызстанды башкаларга соодалап салуудан деле кайра тартпайт. Андыктан Атамбаев же андан кийин келүүчү ким болсо дагы Аскар Салымбековдон сактануусу керек! Кыргызда “башы чоң, бою пас, өңү боз адамдан сак бол” деген жакшы сөз бар.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: