Menu

Бишкекте, Ак үйдүн жанында “Караван” соода борборунун ижарачыларынын митинги болуп өттү

Бөлүшүү:

Бишкекте, Ак үйдүн жанында “Караван” соода борборунун ижарачыларынын митинги болуп өттү. Алар бийликке объектти электрондук аукциондон алып салуу жана аларды жумуш ордунан ажыратпоо талабы менен кайрылышты.

70ке жакын ижарачылар коронавируска байланыштуу ижара акысын жокко чыгарууну талап кылышты. Алардан соода бутиктерин 10 күндүн ичинде бошотуп, иштебегендигине карабастан, июнь жана июль айлары үчүн ижара акысын төлөшү керек деп талап кылышууда.

Нааразычылык акциясына чыккандарга Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов жолукту. Ал ижарачылардын көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылаарын айтты.

“Караван” соода борбору соттун чечими менен экс-парламентарий жана Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Тюлеевден конфискацияланган. Ал 2017-жылы мамлекеттик менчикке кабыл алынган. Соода борборундагы соода түйүндөрүн ижарага берүүдөн түшкөн негизги кирешени “Мүлк” мамлекеттик ишканасы алат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: