Menu

Кыргызстанда “Коронавирустун Кыргыз Республикасындагы аялдар менен эркектердин абалына тийгизген таасири” деген аталышта ыкчам гендердик талдоо жүргүзүлдү

Бөлүшүү:

БУУнун Аялдар түзүмүнүн, Швейцария өкмөтүнүн, БУУ менен Евро Биримдигинин биргелешкен “Спотлайт” демилгесинин жана БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун колдоосу менен, Кыргызстанда “Коронавирустун (COVID-19) Кыргыз Республикасындагы аялдар менен эркектердин абалына тийгизген таасири” деген аталыштагы ыкчам гендердик талдоо түрүндөгү масштабдуу изилдөө иши жүргүзүлдү.

Аталган изилдөө ишинин максаттарынын бири – жалпы контекстти, ошондой эле эпидемиянын жана мамлекеттик бийлик органдарынын анын масштабдарын кыскартуу аракетинде көргөн чараларынын аялдар менен эркектердин абалына, айрыкча, ВИЧ менен ооруган кыз-келиндер, кары-картаңдар, зордук-зомбулукка дуушар болгон кыз-келиндер сыяктуу коомдун талылуу топторунун, ошондой эле ишкер айымдардын жана этностук азчылыктардын абалына кандай таасир эткендиги изилденди.

«Изилдөө ишинде адамдар жынысына жана курагына жараша бөлүштүрүлүп талдангандыктан, карантиндин жана пандемиянын Кыргыз Республикасынын жашоочуларына тийгизген таасирин кыйла тагыраак көрүүгө мүмкүн болду. Изилдөөнүн жүрүшүндө эки негизги ык-амал колдонулду: Адамдардын ар кандай тейлөө кызматтарын жыныстык белгисине, курагына, майыптыгына жана башка белгилерине карабастан, бирдей шарттарда пайдалануу мүмкүнчүлүгүн баалаган адам укуктарына негизделген ык-амал,  ошондой эле гендердик ык-амал колдонулду» – деп Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран билдирди.

Анын айтымында, гендердик ык-амалдын негизинде аялдар менен эркектердин карантин шарттарында ар кандай ресурстарды пайдалана алуу мүмкүнчүлүгү изилденди. Мындан тышкары, үйдөн чыкпай отуруунун алардын экономикалык абалына жана жумуш менен камсыз болуу формаларына, акы төлөнбөгөн үй эмгегине, репродуктивдик милдеттерине жана башка жааттарга тийгизген таасири бааланды. Баалоонун жыйынтыгында, кризистик абалда көрүлүп жаткан чараларды жана аялдар менен эркектердин ойногон ролдорун башкаруу процессинде, бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарда бирдей эмес гендердик мамилелер аныкталды. Дагы баса белгилей кетүүчү нерсе, комендатуранын жана республикалык штабдын курамынын 80% эркектер түзөөрү маалым болду.

Ошондой эле адамдардын пандемия жөнүндө канчалык деңгээлде кабардарлыгын жана даяр экендигин биле алдык. Изилдөө ишинин жыйынтыгы боюнча, 18-45 жаштагы адамдар өлкөдөгү абал тууралуу маалыматты, негизинен, коомдук тармактар аркылуу, ал эми 45 жаштан жогорулар радио, телевизор жана гезиттер аркылуу билип турушат. Ошол эле учурда алдыда боло турган каатчылыкка даярдык көрүүдөн мурун, зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндер маалыматты СМС билдирүүлөрү аркылуу алышканы менен, алардын болгону 3,5% гана карантинге даярдана алышкан. ВИЧ менен ооруган кыз-келиндер керектүү маалыматты досторунан, тууган-туушкандарынан жана айылдаштарынан билишсе, этностук азчылыктардын өкүлдөрү жана ишкер айымдар өкмөттүн расмий сайттарынан билип турушкан.

Изилдөө ишинин алкагында, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарына, жарандык коомдун уюмдарына жана эларалык уюмдарга сунуштар берилген.

     

     

     

Изилдөөнүн жыйынты менен шилтемеден тааныша аласыз: https://kyrgyzstan.un.org/sites/default/files/2020-06/RUS_Gender%20Rapid%20Assessment%20of%20COVID-19%20impact_May%202020_final.pdf

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: