Алдын ала баалоо боюнча ички дуң продукт (ИДП) январь-июль айынын аралыгында 284,4 млрд. сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,4%га өскөн. Бул тууралуу КР Улуттук статистика комитети билдирет.
Ведомствонун маалыматы боюнча, “Кумтөр” кен казуу ишканаларын кошпогондо. 2019-жылдын январь-июлунда ИДПнын көлөмү 252 миллиард сомго жакын болуп, 3,1 пайызга өскөн.
Өнөр жай продукциясынын көлөмү 150 миллиард сомдон ашыкты түзүп, 2018-жылдын январь-июлуна салыштырганда 19,5 пайызга көлөмдү, бул металл рудаларын казуу (2 эсеге), негизги металл өндүрүшү (49,5 пайызга), текстиль өндүрүшү (29,8 пайызга), чейинки мунайзат жана жаратылыш газын (14,9 пайызга), ошондой эле көмүр өндүрүшүнүн (14,5 пайызга) өскөндүгүнүн эсебинен болду.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ