Menu

“Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр” – Атамбаев бул мүлктөрдү кайдан алган?

Бөлүшүү:

“Ууру тойгончо жеп өлгөнчө карганат” – деп бекеринен айтылган эмес. Кечээ жакында эле мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаева: “Кой-Таштагы үйүбүздү камакка алып коюшса, көчөдө калабыз, башка барар жерибиз жок” – деп ыйламсыраганда, көпчүлүк аз жерден ишенип кете жаздаган.

Бирок андан көп өтпөй Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевге жана анын жакындарына катталган мүлктөр менен банктардагы эсептер камакка алынгандыгын маалымдап, алардын узун тизмесин жарыялады. Ошентип, Кыргызстандын эли мурдагы өлкө башчынын каржылык, материалдык абалы кандай экенинен кабардар болду. Чубалган тизмени көргөн көпчүлүктүн оозу Ошту карагандай эле болду. Тизменин узундугу болсо көз талытат…

Тизме менен таанышып чыккан кимде болбосун Бишкектин Матросов көчөсү менен Жал кичи районундагы батирлерди бүт эле мурдагы ажобуз сатып алып койгонбу деген ой келди. Анткени, Атамбаев менен жакындарына тиешелүү көп кабаттуу үйлөрдөгү ондогон батирлердин бардыгы аталган даректерде жайгашкан. Ал гана эмес, ондогон өндүрүш цехтери менен адам жашабаган жайлар да аталган даректерде жайгашкандыгы таң калтырбай койбойт. Сыягы, Алмазбек Шаршенович бизнес обьекттери менен батирлерин бир жерге топтоп, өзүнчө квартал кылгысы келген окшойт.

Ал эми Кыргызстанда канча банк болсо, алардын баарында Атамбаев менен анын жакындарынын эсептери бар экендиги эмнеден кабар берет? Коррупциялык жол менен табылган жашылбайлар өлчөөсүз болуп, аларды бир-эки банкта сактоо менен көңүл бурдуруудан чочулашканбы? Ар бир банкка эсеп ачып, акчаларды ар бирине бөлүштүрүп сактоону туура көрүшкөн го.

Албетте, мурдагы президентибиз канчалык актанып, жактанбасын, бирок, жүздөн ашык кыймылсыз мүлктөр ал бийликте турган маалда табылгандыгы талашсыз. Аны билүү кыйын деле эмес, алардын кайсы жылдары каттоого алынгандыгы менен эле таанышуу жетиштүү. Мынча мүлктөр кайсы акчага сатылып алынып, канчалык мыйзамдуу экендиктерин териштирип, укуктук баар берүү тергөө органдарынын алдыда аткарчу иштери. Атамбаев менен жакындары эсеп жеткис байлыктарын адал эмгектери менен табышканын далилдей алышабы, жокпу аны тергөө иштеринин жыйынтыгы көрсөтөт.

Сиз окурман, төмөндөгү Алмазбек Атамбаев менен анын жакындарына тийешелүү болгон кыймылсыз мүлктөр менен дагы бир жолу таанышып алыңыз.

Соттун чечими менен төмөнкү банктардагы эсептери камакка алынды:

– “Кыргызкоммерцбанк” ААКсы;

– “Кыргызстан коммерциялык банкы” ААКсы;

– “Оптима Банк” ААКсы;

– “Кыргыз-Швейцария Банкы” ЖАКсы;

– “Капитал Банк” ААКсы;

– “Аманбанк” ААКсы;

– “Толубай” АКБ ЖАКсы;

– “РСК Банк” АКсы;

– “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк” ЖАКсы;

– “БТА Банк” ЖАКсы;

– “Дос-Кредобанк” ААКсы;

– “ЭкоИсламикБанк” ЖАКсы;

– “Евразиялык Сберегательный Банк” ААКсы;

– “Банк Азии” ЖАКсы;

– “Бакай Банк” ААКсы;

– “Халык Банк Кыргызстан” ААКсы;

– Пакистан Улуттук банкынын Бишкектеги филиалы;

– “Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк” ЖАКсы;

– “ФинансКредитБанк” ААКсы;

– “Айыл Банк” ААКсы;

– “Росинбанк” ААКсы;

– Банк “Бай-Түшүм” ААКсы;

– “Финка Банк” ЖАКсы;

– “Чанг Ан Банк” ААКсы;

– “Банк Компаньон” ЖАКсы;

Алмазбек Атамбаевдин, жубайы Раиса Атамбаеванын, “Кыргызавтомаш” ААКсынын, “Апрель” ЖЧКсы, “Апрель” коомдук фонду, “Редакция телерадиокомпании “Канал D” ЖЧКсы, “Туруктуу адам өнүгүү маселелери боюнча республикалык коомдук эксперттик кеңеш” коомдук уюму, “Саламаттык жана узак жашоо” медициналык-билим берүү жана илимий борбору, “Телерадио Ассоциациясы” юридикалык тараптардын бирикмесинин жана “Кыргызавтомаш Корпорациясы” ишканасынын Ассоциациясы” юридикалык тараптарынын бирикмесинин банктардагы эсептери да камакка алынды.

Ошондой эле тергөө тарабынан Алмазбек Атамбаевдин жана анын жакын туугандарынын кылмыштык аракеттеринин натыйжасында табылган делген мүлктөргө да арест коюлду:

Алмазбек Атамбаевге катталган мүлктөр:

– “Тойота-Лэндкрузер”, 2000-жылы чыгарылган;

– “Мицубиси-Паджеро”, 1997-жылы чыгарылган;

– “Тойота-Лэндкрузер”, 1998-жылы чыгарылган;

– “Манн”, 1993-жылы чыгарылган;

– BMW-Х53, 2001-жылы чыгарылган;

– Кой-Таш айылындагы жер тилкеси;

– Ысык-Көл районундагы жер тилкеси (курорттук-рекреациялык аймак);

– Арашан айылындагы жайыт жер;

– Арашан айылындагы жер тилкеси;

– Кой-Таш айылындагы көп жылдык өсүмдүктөр;

– Кой-Таш айылындагы жер тилкеси;

– Кой-Таш айылындагы саламаттыкты чыңдоо борбору;

– Арашан айылындагы үй, Полевая көчөсү;

– Арашан айылындагы көп жылдык өсүмдүктөр.

Раиса Атамбаевага катталгандар:

– “Тойота-Лэндкрузер”, 2004-жылы чыгарылган;

– “Мерседес Бенц 600”, 1994-жылы чыгарылган;

– ГАЗ-3110, 1999-жылы чыгарылган;

– Бишкек шаарынын Москва көчөсүндөгү батир;

– Бишкек шаарынын Новооктябрьск көчөсүндөгү үй;

“Кыргызавтомаш” ААКсына катталгандар:

– Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү адам жашабаган 36 жай;

– Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү жер 6 тилке;

– Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү 2 темир жол;

– Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү соода борбору;

– Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү 19 цех;

– Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсүндөгү 3 батир;

– Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү дүкөн;

– Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү 12 кампа;

– Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү резервуар;

– Бишкек шаарынын “Жал” кичи районундагы көп батирлүү үй;

– Бишкек шаарынын “Жал” кичи районундагы 18 батир;

– Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү кеңсе;

“Медиа Форум” ААКсына төмөнкүлөр катталган:

– Бишкек шаарынын 7-Апрель көчөсүндөгү жер тилке;

– Бишкек шаарынын 7-Апрель көчөсүндөгү жер тилке;

– Бишкек шаарынын 7-Апрель көчөсүндөгү адам жашабаган жай;

“Форум” илимий-өндүрүштүк фирмасына төмөнкүлөр тийешелүү:

– Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы  курорттук-рекреациялык аймак (курулушу бүтө элек обьект);

– Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы  курорттук-рекреациялык аймак (курулушу бүтө элек обьект);

– Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы курорттук-рекреациялык аймактагы жер тилке;

“Апрель-ТВ” ЖЧКнын студиясы, радиосу, Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндөгү телеборбору да камакка алынды.

“Апрель” коомдук фонду, “Редакция телерадиокомпании “Канал D” ЖЧКсы, “Туруктуу адам өнүгүү маселелери боюнча республикалык коомдук эксперттик кеңеш” коомдук уюму, “Саламаттык жана узак жашоо” медициналык-билим берүү жана илимий борбору, “Телерадио Ассоциациясы” юридикалык тараптардын бирикмесинин жана “Кыргызавтомаш Корпорациясы” ишканасынын Ассоциациясы” юридикалык тараптарынын бирикмесинин банктардагы эсептерине толугу менен арест коюлду.

Учурда Аскер прокуратурасы тарабынан А.Атамбаевге карата Кылмыш кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча айып тагылып, сотко чейинки өндүрүштүк иштер жүргүзүлүп жатат. Экс-президентке таандык деп айтылган бардыгы 120 объекттин тагдыры тергөөдө билинет.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: