Menu

Үйгө чейин кирип, ээсин бычак менен коркутуп акча алып кеткен каракчы кармалды

Бөлүшүү:

Биринчи май РИИБне Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылган. Себеби, ушул жылдын 19-декабрь күнү болжол менен саат 22:15 чамасында 25-30 жаштардагы белгисиз адам жабырлануучунун үйүнө кирип, ага карата күч колдонуп, ашкана бычагы менен коркутуп, 2000 миң сом акча каражатын алып, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек ШИИББнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Баткен облусунун 1991-жылы туулган Д.Ж. аттуу жашоочусу кармалган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Андан сырткары, тергөө учурунда шектүү башка дагы 2 кылмыш ишине тиешеси бардыгы аныкталган. Ушул жылдын 16-декабрь күнү Чуйков көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирине 25-30 жаштардагы белгисиз жигит кирип, ашкана бычагы менен коркутуп, жабырлануучунун 3000 сом акчасын алып, изин жашырып качып кеткен.

Ошондой эле, 20-декабрь күнү болжол менен түнкү экилерде Логвиненко көчөсүндө жайгашкан үйгө кирип, 1995-жылы туулган Э.А. аттуу жаранга карата күч колдонуу менен ашкана бычагы менен коркутуп, жабырлануучундан акча каражатын берүүнү талап кылган. Бирок, үйдө башка адамдар бардыгын байкап калып, белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен.
Азыркы учурда Д.Ж. аттуу кармалган жаран башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу иликтенип жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: