Menu

Трамп дубал куруу үчүн дагы $8,6 миллиард доллар сурайт

Бөлүшүү:

АКШнын президенти Дональд Трамп Мексика менен чек арага дубал тургузуу үчүн Конгресстен дагы 8,6 миллиард доллар сурайт. Бул сумма быйыл чек араларды кайтарууга байланышкан долбоорлорго бөлүнгөн каражаттан дээрлик алты эсеге көп.

The Washington Post маалыматына караганда, Трамп дубал куруу долбоорун каржылоо үчүн 5 миллиар долларды Ички коопсуздук министрлигинен, 3,6 миллиардды Коргоо министрлигинин бюджетинен алууга ниеттенүүдө.

Дубалдын курулушуна каршы болуп жаткан демократтардын Өкүлдөр палатасында көпчүлүктү түзөрүн эске алганда, Конгресстин бул сумманы бөлүп берүүгө макул болуу ыктымалдыгы төмөн. Конгресстеги демократтардын лидерлери Нэнси Пелоси менен Чак Шумер Трампка жаңы каршылашуунун кооптуу экендигин эскертишти.

Мексика менен чек арага дубал тургузуу — Трамптын 2016-жылдагы президенттик шайлоодогу негизги убадаларынын бири болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: