Menu

Министр: Соя эккиле, килосу 120 сом болот

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстанда буудай талааларынын аянты 28 миң гектарга чейин кыскараарын билдирди.

Өкмөттүн келерки жылдын түшүм жыйноосун алдын алган байкоолоруна караганда дыйкандар пайдасыз өсүмдүктөрдү себүүнү кыскартып, экспорттоого ылайыктуу болгон өсүмдүктөрдүн аянтын кеңейтүүну колго алышкан. Бул жылы тамеки, кызылча жана көп жылдык чөптөрдүн аянты кеңейтилет. Бул жылы айыл чарбада 11 алдыңкы багыттар аныкталып, аларга сүт, эт, жүн, малина, пахта, карагат киргизилүүдө.

Белгилей кетсек, кызылча өстүрүүнүн аймагын кеңейткен менен аны сатуу жолдору кандай чечилүүдө? Өкмөт мындай маалыматтарды берген менен айрым аймактагы ал шартка карата көйгөйлөрдүн бар экени унутта калгандай. Жаз башталбай жатып Таластагы дыйкандар буга чейин аймактык жетекчилик кызылча себүүнү көбөйтө берүүсүн айткан менен “Кайыңды” кант заводу жылдагыдан кант кызылчасынын кабыл алуу көлөмүн азайтаарын, ал турсун кабыл алуу токтоп калаарын да айтып жатышканын социалдык барактарда жазышууда. Бул өкмөттүн чындап берген так маалыматыбы же болжолдуу текшерилбеген билдирүүсүбү? Ушуга улай эле, жакында айыл чарба министри соянын баасы 120 сомго чейин чыгарын, дыйкандарды картошканын ордуна дал ушул өсүмдүктү өстүрүүгө үндөдү.

Былтыр фермерлер айыл чарба министринин сөзүнө ишенип, картошканы көп айдап, быйыл сызга отуруп калышты. Аларга Өзбекстан жарым миллион тонна картошка сатып аларын убада кылышкан. Бирок, иш жүзүндө картошканын баасы өз наркынан да төмөндөп кетти. Бул ирет айыл чарба министри Нурбек Мурашев соя, чечевица жана буурчак айдоо быйыл кирешелүү болорун билдирди. Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы дыйкандар менен жолугушууда министр картошканын ордуна сояны айдоонун сунуш кылды. Министр бьштыр 400 гектарга айдасаңар, быйыл 5 миң гектарга чейин жогорута бергиле, ал түшүмдүүлүгү жагынан да жакшы, гектарынан 3,5 тоннага чейин алса болот дегендей сунуш берди. Бирок, дыйкандар бул маалыматтарга ишенбейт. Себеби, сояны дыйкандар малга тоют үчүн эле колдонуп келишет. Ал күздө 100-120 сомго чыгышына кандай себептер болгонун так айтылбаганынан улам чочулоо бар экенин айтышууда. Ушул кезде соя өсүмдүгү 25 сомдон сатылууда.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: