Майлуу-сүттүу орунга жеткенче алдастап, башчыларына жагынуу үчүн далай трюктарга даяр кызмат өкүлдөрү бар. Бирок ошол өздөрү аракет кылып жеткен «креслого» отурган соң эмне максат менен келгенин унутуп, манчыркап кандай жумуш аткарууга милдеттүу экендигин эсинен чыгаргандар бар экенине таң болосуң. Дейин дегеним, бир жумадан ашык убакыт жумуш ордунда жок Каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаевди айтып жатам. Жумушуна жоопкерчиликсиз мамилеси өзүнүн ээлеген мамлекеттик кызматына жооп бербейт. Мамлекеттик иш боюнча өткөн аптадан бери Бакетаевди жумуш ордунан таппай жүргөндөр эмне айла кылып, кимге кайрылууну билбей жүрүшөт. Же өлүгүн, же тирүүсүн билдирбей дайынсыз жоголгон Алмаз Бакетаевди ким тапса ага сүйүнчү жарыяласакпы деп турубуз. Бул мамлекеттик кызматкер жумушуна келбей, бир жумадан ашык убакыт эмне кылып жүргөндүгү кызыгууну жаратууда.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ