Өткөн жуманын аягында башкаруучу партиянын амири менен депутат болгон Осмонбек Артыкбаев Кетмен-Төбөнүн улуу, кичүү муундарына Дасмияда кенен-чонон жайылган дасторкондо чайын берди. Анткени мандат алгандан бери Бишкекте жашагандарды сыйлай элек болчу. Алты саатка созулган неберенин урматына чакырылган коноктор кыйла көңүл сергиткен кептерин айтып, ыраазычылыгын билдиришти.
Баса, ушунун алдында КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөлөрү ажолукка талапкер катары Сооронбай Жээнбековду чыгарганын алгачкы жолу Осмонбек Артыкбаев жар салган. Ушундан улам эми башка фракциянын лөктөрү да чай берүү аземин баштайбы деп турабыз. Кантсе да элдин пикирин бир муштумга эмитен түйүп койбосо болбостур? Эмнеси болсо да топту Осоке жарып берди. Келечекке карай чыйырды салып коюуга неге болбосун? Башты мээ бар үчүн көтөрүп жүрбөйлүбү…
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ