Menu

Сооронбай Жээнбеков: «Таза коом» долбоору бул – башкаруунун жаңы модели, жаңы технологиялар жана адамдык потенциалды өнүктүрүү

Бөлүшүү:

Кыргызстанды «Таза Коом» долбоору менен  таза жана ачык коом куруу, позитивдүү чөйрөдө өнүгүү боюнча пландары байланыштырат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-майда, ««Таза коом». Көз караштар, глобалдык тенденциялар жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү» аталышында өткөн эл аралык конференцияда билдирди. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдайт.

«Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен азыркы учурда өлкөнүн  узак мөөнөттүү стратегиясы иштелүүдө жана буга байланыштуу алдыдагы чакырыктарга даяр болууга тийишпиз. Мен ийгиликтин негизги үч башкы элементин көрүп турам. Бул –  башкаруунун жаңы модели, жаңы технологиялар жана адамдык потенциалды өнүктүрүү.

«Таза коом» долбоору өз ичине  аталган үч катмарды камтыйт жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бир нече негизги жолдору бүгүнкү Форумдун өткөрүү логикасында чагылдырылууда», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр  негизги бөлүктөргө токтолду анын ичинде:

– Кыргыз Республикасынын транс улуттук магистралдык оптоволокнолук түйүнгө интеграциялануусу үчүн   жогорку технологиялуу инфраструктураны түзүү.  Кыргызстан Борбор Азияны Европа, Азия жана Жакынкы Чыгыш менен байланыштыруучу  маалыматтык хаб өлкөсү болууга жетишүү керек.

– долбоор Кыргызстандын бардык аймактарында жайылтылат жана жарандар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү берет. Мунун менен өлкөдө көп улуттуу маалымат тармагы түзүлөт. Өлкө аймактары бирдиктүү улуттук байланыштын бөлүгү катары глобалдык маалыматтык ресурстарга жеткиликтүүкө ээ болот. Шаарлар сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн борбору болууга тийиш.

– «Таза Коом» – өлкөдө мамлекет менен калктын ортосундагы негизги элемент. Бул долбоорду ишке ашыруу менен өлкөнүн бардык аймактарында бардык жарандар негизги мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз болот. Жогорку технологияларды жайылтууга,  паракорчулукка каршы чечкиндүү күрөшүүгө жана  көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет.

– жогорку технология тармагы ири өндүрүш дараметине ээ. Келечекте бул экономиканын алдыңкы тармагы болуп калышы мүмкүн. Бул жагынан алып караганда, ушул прогресске маанилүү пункттардын бири жагымдуу укуктук чөйрөнү түзүү болуп калды. Учурда ушул сектор үчүн артыкчылыктуу мамиле сакталып, мындан ары да уланат.

– Мындай долбоорду  ишке ашыруу даярдыгы,  мобилдүү адамдык ресурстардын болушун талап кылат. Бул билим берүү ресурстары жана өлкөнүн интеллектуалдык күч-кубатын жогорулатуу боюнча күчтөрдү бириктирүү мүмкүнчүлүгүн талап кылат. Планда өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын жаңы деңгээлге жогорулатуу каралган.

– маалымат коопсуздугу. Мындай жогорку интеграция жана биргелешкен аракеттердин ачыктыгына, маалыматтын гана эмес, коомчулуктун жашосун жана жеке турмушунун коопсуздугун камсыз кылган жана ага кепилдик берген режим болушу керек.

Өкмөт башчы «Таза Коом» долбоорунун даярдыгына жана мындан ары ишке ашырууну өнүктүрүү багытында өнөктөштөр керектигин кошумчалады.

«Өлкөгө дүйнөлүк тажрыйбаны жана жаңы технологияларды алып келүү үчүн бизге өнүгүү идеалары, инвестиция жана техникалык колдоо керек. Мен долбоорго бардык зарыл болгон колдоолорду көрсөтүүгө жана аны ишке ашырууга Өкмөтүнүн кызыкчылы бар экенине ишендиргим келет», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Жыйнытыгында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн атынан «Таза-Коом» программасын ишке ашырууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн Дүйнөлүк Банк жана башка өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: